Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өркүндүн бутактануусу жана алардын өсүшүн жөнгө салуу

Баш барак | Ботаника | Өркүндүн бутактануусу жана алардын өсүшүн жөнгө салуу

Бутактануу бул — жалбырак колтугундагы бүчүрлөрдөн каптал бутактардын пайда болушу, анын колтук бүчүрүнөн кайра дагы каптал бутак чыгып, шактардын, ноодалардын көбөйүшү жана өсүшүнүн уланышы.

Өсүмдүк канчалык бутактанган сайын, жалбырактар көбөйөт жана ал мейкиндикте көбүрөөк орун ээлейт. Натыйжада өсүмдүк күндүн энергиясын көбүрөөк алууга мүмкүндүк алат. Бул өсүмдүктө органикалык заттын көбүрөөк пайда болушуна жакшы шарт түзгөндүктөн, анын тамыры да, сөңгөгү да кубаттуу болуп, тиричилиги мыкты камсыз болот.

Айрым чөп өсүмдүктөрүндө жана бадалдарда да бутак болот. Ал сабактын түбүндөгү бүчүрлөрдөн өсүп чыгат. Анын ар биринен өзүнчө өсүмдүк жетилет. Муну кыргыздар чайлап өсүү дейт. Бул буудай, арпа деп аталган дан өсүмдүктөрүндө жакшы байкалат. Кээ бир жапайы чөп өсүмдүктөрүндө ошол эле бир түп жылыга үстү-үстүнө чайлап өсө берип, дүпүйгөн чым түптү пайда кылат. Мисалы, бетеге, көөдө.

Ал эми саздуу жерлерде өлөң чөптүн ар бир түбү өсүп отуруп, дүпүйгөн чоң көлөмдүү домпок чым түп келип чыгат. Айрым дарак өсүмдүктөрдүн кээ бир бүчүрлөрү көп жылдарга чейин өспөй тура берет. Ал уйкудагы бүчүрлөр деп аталат. Алар өсүмдүктүн дүмүрүнө, түбүнө жакын жайгашат, жаз келсе деле ачылбай көп жылдар бою эч козголбой тура берет. Эгер даракты кыйса же сөнгөгү куураса гана ачылбай турган бүчүр козголуп ойгонот да, андан өркүн өсүп чыгат (Бүчүрдөн өркүндүн өсүп чыгышы). Мисалы, теректи, талды кыйып алса же зыянга учурай баштаса, түбүнөн жаш бутактардын чыкканы мына ушул себептен болот. Өсүмдүктөрдүн бутактануусун башкарса болот.

Негизги бутагынын учун кесип койсо, каптал бутактар көбөйөт жана мөмөлөр жакшы чоңоёт. Мисалы, пахтаны чеканкалоо. Ал эми помидордун каптал бутагынын учун алып таштаса, мөмөсүнүн чоңоюшуна жана жетилишине ыңгайлуу шарт түзүлөт. Муну биз пасынкалоо дейбиз. Ошондой эле, беде сыяктуу тоютка пайдалануучу көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн түбүндөгү (тамырга жакын жайгашкан) бүчүрлөрдөн чөп чабылгандан кийин тез эле мурункудан көбүрөөк сандагы өсүмдүк өсүп жетилет. Натыйжада экинчи чабыкта тоют болуучу чөптүн түшүмү жогорулайт.

Сайтка жарнама жайгаштыруу