Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Өнөкөт аракечтик

Өнөкөт аракечтик — спирт ичкиликтерин дайыма көп ичүүдөн пайда болгон оору. Бул оору анда-санда ичүүдөн башталып, бара-бара адам көп иче баштайт. Ичкиликти көтөрүмдүүлүгү жогорулап, көп ичет да, ичкиликтин өлчөмүнө контроль жасай албай калат. Мындай абал оорунун алгачкы белгилери болуп саналат. Эч бир шартка карабастан шылтоо таап ичүүгө аракет жасайт, өзүнчө же көрүнгөн киши менен ичет, соо күндөрү аз болот. Бул стадия 5—7 жылга созулат. Экинчи стадиясында ичкиликти самоо, ичпей тура албай калуу абалына жетет, өз жүрүм турумун баамдай албай калат. Мас кезинде оорулуу жанданып, соолукканда шалдырап, мажүрөө тартат. Мас кезиндеги кылыктарын унутуп калат.

Масы тарагандан кийин бир нерсе жетишпегендей туюлат, шалдырап, алы кетет, чыйрыгат, кускусу келет. Кийин ага баш оору, баш айлануу, көңүл чөгүү, туталануу кошулат. Мындай абал кайрадан ичкилик ичкенден кийин жакшырат. Бир нече күн баш көтөрбөй ичүү алкоголдон көңүл калуу сезими пайда болгондо гана токтойт, оорулуу бир эки жума ичпей жүрө алат. Бирок ичкиликке кумарлануу кайра башталып, тынбай ичүү кайталанат. Психикалык бузулуулар: көңүл чөгүү, кыжырлануу, галлюциноз жана башкалар пайда болот. Бул стадия 10—15 жылга созулуп, үчүнчү стадияга өтөт. Мында ичкиликти көтөрө албай, аз эле ичсе мас болот, акыл-эси начарлайт, күчтөн тайып, эмгекке жөндөмдүүлүк жоголот.

Ичкиликке биротоло берилет, узакка баш көтөрбөй ичет, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туулуп, көп учурда организмдин психофизиологиялык бузулушу менен аяктайт. Бул аракечтиктин акыркы стадиясы, мында оорулуу башка оорулардын кошулушунан өлүмгө учурайт. Ө. а.— оорулуунун өзү, о. эле коом үчүн да коркунучтуу дарт. Ал адамды психикалык жана күч жагынан жакырланууга дуушар кылат : адегенде чарчоо, алы кетүү, туталануу пайда болот, уйкусу качат, тамакка табити тартпай, ичеги - карын жана башка органдар бузулат. Аракечтик акырындык менен адамдын моралдык-этикалык касиетинин, интеллектисинин төмөндөшүнө (арыктайт, акыл-эси, чыгармачылык жөндөмү начарлайт), ал тургай кем акылдыкка жеткирет. Алар туруксуз, чабал, тартипсиз, чыдамсыз, шалаакы болушат, эч нерсеге кызыкпайт. Ө. а-тен жүрөк-кан тамыр жана тамак сиңирүү системалары жабыр тартат. Өзгөчө боорго зыян, ал — боордун циррозунун (кара сарык) бирден-бир себеби.

Нерв системасы начарлап, организмди башкаруу, басуу, кыймыл бузулат, невритке дуушарлантат. Өзгөчө көрүү органдарынын неврити коркунучтуу, анда көрүү начарлайт, ал эми алкоголдун суррогаттарын ичкенден сокур болуп да калат. Аракечтерди өлүмгө учуратуучу себептерге: жүрөк-кан тамыр системасынын баш көтөрбөй ичүүдөн кескин бузулушу, травма, бөөдө кырсык, иштен чыгышы, катуу панкреатит, суук тийүү, өлтүрүү, мээнин шишип кетиши, катуу кармаган психоз жана башка кирет. Ичкиликтин коом менен келишпестиги анын керт башынын адептик-этикалык жакырданышын тездетет. Ал жалган айтып, актанууга аргасыз болот.

Акырындык менен социалдык жакырдануу да келип чыгат: квалификациясын жоготот, иштен куулат, үй-бүлөдөн ажырайт. Аракечтик үй-бүлөнү биротоло бузбаса да, аны бүлүндүрүп, анын жок эле дегенде эки муунунун жашоо - турмушуна жана ден соолугуна залалын тийгизет. Укум-тукумунан бери ичкилик ичкендерде ичкилик ичпегендерге караганда талма, олигофрения, өсүү кемтиктери көп жолугат. Үй-бүлөдөгү жагымсыз кырдаал балдардын туура эмес тарбияланышына, нерв жана психикалык оорулардын пайда болушуна алып келет. Ө. а-тин таралышы адептүүлүктү азайтып, кылмыштуулукту көбөйтөт. Дарылоо. Оору өнөкөткө өтө электе ар бир эрки бар адам ичкиликти токтото алат. Өнөкөт оорудан айыгууга ар ким өзү аракет жасабаса дарылоо натыйжасыз болот. Организмдин алкоголь менен өнөкөт уулануусунун кесепетинен аракеч көпкө ичпей канчалык карманганы менен бир ичсе өзүн кармана албай көп ичет.

Дарылоонун максаты — спирт ичкиликтерин ичүүнү токтотуу, ууланууну жоюу, жалпы абалын жакшыртуу, ичкиликке ынтызарланууну басуу, функциялардын бузулушун калыбына келтирүү, спирт ичкиликтерин жек көрүүнү пайда кылуу, дайыма сергек жүрүү кырдаалын түзүү. Ичкилик ичүүнү өз эрки менен оорунун башталышында гана таштай алат. Өзүнүн таптакыр бузулуп кала электигин түшүнгөн оорулуу опуртал - дуу абалын сезгенде ичпей коюшу мүмкүн. Ичкиликти адатта психоздон кийин өзү таштап коёт, бирок ал көп учурда жарым жылга гана созулат. Айрым учурда дарыланууга башка бирөөлөрдүн түрткү болушу зарыл. Анын жакындары өзүнө караганда масчылыктын ооруга айланып бара жаткандыгын эртерээк байкай алышат. Врачка канчалык эрте кайрылуу — ошончолук натыйжалуу.

Дарылоо кечеңдеген сайын оорунун өтүшүп кетүү коркунучу көбөйөт. Оорунун башталышын билбей, врачка кеч кайрылган учур көп кездешет. Ичкиликке берилген адам адегенде ичүү үчүн шылтоо издейт, ал эми ооруп калгандан кийин киши кейпинен кетип, аракеч досторунан ажырабай, өзүн «колго алууну» каалабай калат. Аракеч адам жана анын жакындары кырдаал өзгөргөндө «эсине келип», ичүүнү токтотот деген үмүттө болушат, бирок аракеч ичүүгө себеп издеп, шылтоо таап жатканын өз учурунда түшүнүү зарыл. Ичкилик ичүүгө шылтоо издөө ичкиликке берилүүнүн накта белгиси экендигин эске тутуу керек. Узак мезгил бою анын жакындары аракечтин ичкиликти таштайм же аз ичем деген убадасына ишенишет. Мындай убадалар ынанымдуу болот, ал тургай ага оорулуунун өзү да ишенет, бирок ичкиликке болгон ышкы ар кандай асыл ниеттерден күчтүүлүк кылып кетет. Кандайдыр бир мөөнөткө ичпей койгонун аракеч эркинин күчтүүлүгүнүн далили катары бетине кармайт.

Бирок, мындай көрүнүш ичкиликке берилүүдө боло бере турган нерсе. Көп учурда оорулуулар дарылануудан баш тартышат. Ичкилик адамдын кулк-мүнөзүн, кебетесин канчалык өзгөртсө, бирок өзүнүн оорулуу экендигин мойнуна албаса, анда аракечтиктин өтүшүп кеткендигин билдирет. Мындай учурда жакындары талапты катуу коюп, туруктуулукту көрсөтүп дарыланууга жиберүүлөрү тийиш. Дарыланып келгенден кийин үй-бүлө чөйрөсүндө «сыйлоо» иретинде «кичине ичип коюуга» уруксат берүүгө болбойт. Оорулуу айланасындагылардын таасири астында, көңүлчөөктүгүнөн ичкилик ичип койсо, оору кайра башталат.

Дарылоо курсунан өткөн оорулууга катуу оорудан айыккан адам катары мамиле кылуу зарыл: ага эмгектенүү жана эс алуу режимин түзүп, маалы менен тамак ичүүсү керек (ачка болуудан ичкилик ичүүгө көңүлдөнүү пайда болушу мүмкүн). Катуу кайгыруу да ооруну күчөтөт. Дарылоо канчалык кеч башталса, дарылоодон кийин кайра ичип алуу мүмкүндүгү ошончолук көп болот. Көп учурда оорулуу муну Өзү сезбейт, бирок ал туталанып, бир нерсеге канааттанбаган абалда болот. Арак түшүнө кире баштайт. Оорунун кармап калуу коркунучу врачтын тез жардамын талап кылат, ошондуктан тезирээк ооруканага жаткыруу керек. Аракечтиктен дарыланган адамдарга активдүү эс алууну уюштурууга көмөктөшүү зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)