Өндүрүштүк гимнастика

Өндүрүштүк гимнастика — организмдин ишкердүүлүк абалын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ден соолукту чындоо максатында күн сайын жумуш жана окуу мезгилинде жасалуучу татаал эмес дене көнүгүүлөрүнүн комплекси. Ө. г-ны үзгүлтүксүз уюштуруу кээ бир кесип ооруларын алдын алууга жардам берет. Илимдин жана техниканын тез өсүшү, өндүрүштү автоматташтыруу жана механикалаштыруунун натыйжасында кыймыл-аракетти, күчтү көп талап кылбай, нерв системасына күч келтирип, нервдик чарчоо көбөйүүдө. Узак убакыт аз кыймылда болгон жана бир орунда олтуруп иштеген кишилердин зат алмашуусу, кан айлануусу жайлап, булчуңдары алсызданып, келбети бузулат. Алардын башы көп ооруп, жүрөк-кан тамыр системаларынын оорулары, зат алмашуунун бузулушу жана башкалар менен жабыркашат. Ө. г. бир катар кесипчиликте кыймыл активдүүлүгүнүн жетишсиздигин толуктайт. Ал эми оор кара жумуш иштегендердин булчуңдарынын чарчоосун азайтып, аз кыймылдаган булчуңдарды иштетет. Ө. г. ар бир кесиптин өзгөчөлүгүнө, иштегендердин (окуучулардын) ден соолугуна ылайык атайын көнүгүүлөрдүн комплекси такталып түзүлөт.

Ө. г-нын булчуңдардын иштөө күчүнө, ошондой эле нерв - психикалык чыңалуунун түрүнө жараша 5 типтүү комплекс иштелип чыккан: оор кара жумуш иштегендерге; орто оордуктагы кара жумуш жана акыл эмгеги менен иштегендерге; нервге күч келтирүүчү иште иштегендерге; акыл эмгеги менен иштегендерге; узак убакыт тике туруп иштегендерге. Ө. г. башталганга чейин (жумуш алдындагы гимнастика) жана жумуш (окуу) мезгилинде (физкультуралык тыныгуу жана физкультуралык минута) уюштурулат. Адамдын эмгек өндүрүмдүүлүгү жумуш күнү башталганда эле жогору болбойт. Жумушка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, мурдагы чарчоону жоготуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү үчүн жумушка (окууга) 10—15 мин. убакыт калганда 5—7 мин. Ө. г. өткөрүлөт. Жумуш алдындагы гимнастика үчүн жумуштун өзгөчөлүгүнө карай атайын көнүгүүлөр комплекси тандалып алынат.

Дене тарбиялык тыныгуу, дене тарбиялык минута. Жумуш күнү мезгилинде организмдин активдүү эс алуусуна жетиштүү жана мезгилсиз чарчоодон арылуу максатында физкультуралык тыныгуу же минута уюштурулат. Мектеп окуучуларына сабак убагында уюштурулган физкультуралык тыныгуу алардын чарчоосун алдын алып, иштөө жөндөмдүүлүгүн сактайт. Көнүгүүлөр комплекси окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карай түзүлөт. Тез жана так кыймылдарды, өзгөчө кунт коюуну талап кылуучу кесипте иштегендер (операторлор, радио аппаратура оңдоочулар) үчүн физкультуралык тыныгууну жумуш күнүндө 1—3 жолу уюштуруу керек. Акыл эмгегинин өкүлдөрү, ошондой эле жеңил, орто оордуктагы кара жумуш иштегендер, эртеден кечке тике туруп иштеген ар бир кызматчы физкультуралык тыныгууларды өз алдынча аткарса болот. Комплекстеги көнүгүүлөрдү ар бир 10—14 күндө алмаштырып туруу талапка ылайык. Жумуш күнүнүн биринчи жарымында физкультуралык тыныгуу 3 сааттан кийин уюштурулат. Ошондой эле жумуш күнүнүн экинчи жарымында өткөрсө да болот.

Ө. г. жумуш аткарган жерде, мүмкүн болушунча музыканын коштоосунда өткөрүлгөнү оң. Аны үзгүлтүксүз жасоо организмди чыңдап, адамдын сергек жүрүшүнө өбөлгө болот. Ө. г-нын көнүгүүлөрү радиодон да берилет. Алар негизинен акыл эмгеги менен иштегендерге жана жеңил кара жумуштагы кишилерге арналат. Радиодон берилүүчү Ө. г. көнүгүүлөрүн аткаруу бардык эле ишкананын жумуш күнүнүн тартибине туура келбейт. Ошондуктан радиодон берилген көнүгүүлөр комплексин магнитофонго жаздырып алып, ыңгайлуу учурда колдонсо болот. Түшкү тамакка белгиленген убакытты Ө. г. жасоо үчүн пайдаланууга болбойт. Эгерде ишкана шар тында абанын нымдуулугу 70%тен ашык, температурасы 25°тан жогору болсо Ө. г-ны өндүрүштүк имаратта жасоого болбойт, ал үчүн сыртка же болбосо атайын бөлмөгө чыгуу талап кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)