Өндүрүүнү кибернеттештирүү

Өндүрүүнү кибернеттештирүү — өндүрүштүн ар бир баскычын жана өндүрүштү толугу менен математикалык моделдештирүү. Математикалык моделдештирүү — химимялык продукциялар өндүрүүдө жүрүүчү кубулуштар, процесстер математиканын тилине которулуп, аларды тийиштүү теңдемелер, фор-мулалар менен туюнтуу, жазуу, химимялык кубулуштагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү эсептеп чыгаруу жана өндүрүш процессинин кандай учурда ынгайлуу, үнөмдүү жүрө тургандыгын аддын ала айтуу. Өндүрүштү башкаруу үчүн кибернетиканы колдонуу, өндүрүш абалы ж-дөгү маалыматты тез иштетип чыгууну жана пайдаланууну талап кылат. Биол. процессти моделдештирүү жана биологиялык механизмди химимялык технологияда колдонуу кибернетиканын дагы бир тармагы болуп саналат. Тирүү организмдеги татаал биохим. процесстер өнөр жайындагы химимялык реакторлор иштешине окшош. Мындай окшоштукту изилдөө, моделдештирүү аркылуу пайдалануу технологиянын өнүгү-шүнө жардам берет. Мисалы, кийинки жылдарда биологиялык катализаторлор (фер-менттер) сапатына окшош химимялык ыкма менен алынган синтездик катализаторлор пайда болду.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)