Өмүрбеков Токторбек

Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков (Өмүрбектегин) - кыргыз тарыхчысы, профессор (2010), тарых илимдеринин доктору (2004). Кыргыз Тарых Коомунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011).

Токторбек Өмүрбеков 1955-жылы 27-мартта Кыргызстандын Нарын областында, тактап айтканда, Теңир-Тоонун Ат-Башы районундагы Кара-Суу кыштагында (айтылуу Кошой-Коргон шаар чалдыбары жайгашкан айылда) туулган. Кыштак ушул тапта Кошой-Коргон айылы деп да аталат.

Атасы Өмүрбеков Наматбек «Коммунизм» колхозунда бухгалтер, апасы Орозобекова Күлүмбүбү колхозчу болуп эмгектенген.

1962-1972-жылдарда Кара-Суу орто мектебинде окуган. 1972-жылы аталган кыштактагы "Кара-Суу" орто мектебин аяктаган.

1972-ж. сентябрдан 1973-ж. июлуна чейин Фрунзе шаарындагы кондитердик фабрикада жумушчу болуп иштеген.

1973-1978-жылдары Кыргыз мамлекеттик Университетинин (азыркы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетинде окуган.

Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Жакшы окуган бүтүрүүчү катары 1978-жылы университетке ишке алынган.

Анын илимий жетекчиси жана нускоочусу - профессор, Кыргыз УИАсынын мүчө-кабарчысы Анварбек Хасанов болгон.

КУУнун аспирантурасын сырттан окуган.

1978-жылдын 15-августунан бери КУУ нин тарых факультетинде окутуучу, 1989-ж. тартып ага окутуучу, 1992-жылдан – доцент, 2000-жылдан профессор болуп эмгектенип келе жатат.

1994-2000-жылдары КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы,

2001-2008-жылдарда Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы кызматында үзүрлүү иштеген.

2006-ж. август-ноябрь айларында КУУнин окуу иштери боюнча проректору,

2008-ж. декабрынан 2009-ж. июнь айына чейин Илимий-билим борборунун директору болуп эмгектенди.

Азыркы учурда КУУнун Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору.

1986-жылы кандидаттык диссертациясын, 2004-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы боюнча 180ден ашуун илимий, окуу-методикалык эмгектин, анын ичинде 6 монография, 15тен ашуун окуу китептери менен окуу - методикалык куралдарынын автору.

Жалпы билим берүүчү орто мектептин 6,7,8 - класстары үчүн Чоротегин Т. К. менен авторлошуп жазылган «Кыргызстандын тарыхы» окуу китеби кыргыз, орус, өзбек тилдеринде 1996-2010-жж. үч ирет басылып, Республикада негизги окуу китеби катары колдонулууда.

Ошондой эле 6 - класстын «Байыркы дүйнө тарыхы» окуу китебинин дагы авторлорунун бири.

Жогорку окуу жайлары үчүн да бир нече окуу китеби жана окуу-методикалык куралдары жарык көргөн.

Айрым илимий макалалары кытай, орус, түрк, англис, немец тилдеринде жарыяланган.

Кытайда, Россияда, Түркияда, Германияда, Казакстанда, Өзбекстанда өткөн Эл аралык илимий конгресстерге, симпозиумдарга катышкан (1994-2010-жж.).

XVI-XX к. башындагы Кыргызстандын саясий тарыхы, чыгаан инсандары тууралу маселелерди изилдөө менен алектенет.

Асыресе 19-кылымдагы кыргыздын тарыхый инсандары, 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймыл, Кыргызстандагы саны аз улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча адис.

Жубайы - тарыхчы мугалим Жаңыл Бакасова.

Эки уулу (1980-жылы туулган Анварбек, 1987-жылы туулган Элзар), бир кызы (1984-жылы туулган Асел) бар. Неберелүү.

Атасы Наматбек Өмүрбеков 1924-ж. туулуп 1992-ж. көз жумган.

Наматбек ата Пржевальскидеги (азыркы Каракол ш.) айыл-чарба техникумунун сырттан окуу бөлүмүндө окуган (болжолу 1958-1962-жж.).

Ал болжолу 1950-1959-жж. Кара-Суу айылдык кеңешинде катчы болуп иштеген.

1960-1968-жж. «Коммунизм» колхозунда мал чарба бухгалтери, 1969/70-жж. бригадир, 1971/83-жж. колхозчу болуп эмгектенген. 1984-жылдан тартып пенсионер, 1992-ж. июнда дүйнөдөн өткөн.

Наматбектин жубайы Орозобекова Күлүмбүбү апа колхозчу болуп эмгектенген. Учурда ардагер.

Токторбектин ата-энеси 9 баланы: 4 уул, 5 кызды тарбиялап өстүрүшкөн.

1.Улуу уулу Токторбек, 1955-ж. туулган - КУУнун профессору, тарых илимдеринин доктору.

2.Бошкоев Рысбек, 1957-ж. туулган, жеке ишкер, Нарын шаарында турат 2 кыз, 1 уулу бар.

3.Бермет, 1958-ж. туулган, - фермер, Ак-Талаа районунда, 2 уулу бар.

4.Кубатбек, 1960-ж. туулган, милициянын майору, Бишкекте турат, 2 кыз, 1 уулу бар.

5.Орозбек, 1963-ж. туулган, мугалим эле, 2009-жылы кайтыш болду 3 уул, 1 кызы бар.

6.Өрмөткан, 1965- ж. туулган, Аюу фирмасында соода боюнча башкы бухгалтер, 2 уулу бар.

7.Эсенкан, 1967-ж. туулган, - 1990-ж. кайтыш болгон.

8.Жылдыз, 1969-ж. туулган, - Бишкекте № 51 Мектепте директордун орун басары, филолог, 1 уул, 1 кызы бар.

9.Ширин, 1980-ж. туулган, - Москвада, жеке ишкер, КУУ 2005-ж. бүткөн. Кесиби мамлекеттик кызматкер. 2 кызы бар.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги.

«Манас-1000» юбилейлик медалы менен сыйланган.

Т. Өмүрбековго орто мектептин окуучуларына арналган "Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (17 - 20-к. башы) аталыштагы автордошуп жазган китеби (Бишкек, 1995) үчүн Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгы ыйгарылган (1996-жылдын 25-декабры).

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер (2011).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)