Өмүрбай Макелек

Макелек Өмүрбай уулу (10. 3. 1956-жылы туулган, Кытай Эл Республикасы, Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусу, Улуу-Чат ооданы, Улуу-Чат айылы) – адабиятчы, ШУАР улуттар тил жазуу кызматы комитетинде профессор (1990), филология илимдеринин кандидаты (2008). И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Макелек Өмүрбай 1956-жылы жалган куран (март) айынын 10унда КЭРдин Кызылсуу кыргыз автоном облусунун Улуучат ооданына караштуу Улуучат айылынын Чоң-Терексуу кыштагында туулган.

1980-жылы Үрүмчү шаарындагы Шинжаң универститетинин география факултетин адистиги боюнча бүткөн.

1980-жылы Кытайдагы Шинжаң университетинин география факультетин бүтүргөн.

1982-жылдан Бээжин шаарындагы Борбордук улуттар институтунда кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча окутуучу, улуттар аралык тил жазуу кызматы комитетинде кыргыз тилин, кыргыз жазуусун изилдөө боюнча эмгектенет.

1982-жылдан азырга чейин ШУАР улуттар тил-жазуу кыяматы комитетинде Кыргыз тилин жана жазуусун изилдөө боюнча эмгектенет.

1985-жылдан Кытайда чыгуучу кыргыз тилиндеги «Тил жана котормо» журналынын башкы редактору.

Кытайда арап жазмасында кыргыз тилинде жарыкм көрүп жаткан «Тил жана Котормо» журналын 1985-жылдан ушул күнгө чейин жетектеп, анын башкы редакторлугунда аталган журналдын 125тен ашуун номуру басмадан чыкты.

Азыркы тапта Үрүмчү шаарында жашайт.

Кыргыз тилин жана элдик чыгармаларын изилдөө боюнча 40тан ашык макаласы кыргыз, кытай, уйгур тилдеринде жарыяланган.

«Куран Керимдин» котормосун кытайлык кыргыздардын арап жазуусунда басмадан чыгарган.

Кытайдагы кыргыздардын жазуусунун орфографиялык эрежесин, тыныш белгилеринин эрежесин, адабий айтым (орфоэпия) эрежесин түзгөн (аталган китептер кытайлык кыргыздардын жазуусунда жана Кыргызстанда да жарык көргөн).

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде дарстар окуган.

Макелек Өмүрбай уулу Кытайдын ШУАР аймагынын «орошон салым кошкон озот маманы» наамын алган.

Кыргызстандын «Кыргыз тили» төш белгисини ээси.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданиятка салым кошкон» төш белгисинин ээси.

Кытай мамлекеттик өкүмөттөн өзгөчө каржы менен сыйлана турган аалым атагын алган.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

Филология илимдеринин кандидаты.

Кытайдагы «Кыргыз жазуусунун орфогирафиялык эрежелери» (1989- жылы «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн,125 эреже), «Кыргыз жазуусунун тыныш белгилеринин эрежелери» (1996- жылы «Тил жана Котормо» журналынын 4-санында жарыяланган 132 эреже), «Кыргыз адабий айтым (Орфоэфия) эрежелери» (1998- жылы «Тил жана Котормо» журналынын 4-санында жарыяланган, 72 эреже). «Орфогирафиялык сөздүк» (1989- жылы «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн. 56 миң сөз), «Кытайча - Кыргызча сөздүк» (1999 – жылы «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн. 57 миң сөз) сыяктуу беш сөздүктүн автору.

«Манастын акылы» (2012-жыл «Кызылсуу кыргыз басмасы» баскан) «Кыргыз эл ооз адабият негиздери» (1994- жылы «Кызылсуу кыргыз басмасы» баскан), «Кыргыз адабият тарыхы» (1- тому, 2005-жыл «Шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн), «Кыргыздын ак баталары» (2003-жыл «шинжаң эл басмасынан» жарык көргөн), «Манас жана Чыңгыз» (2011- жыл, Кыргызстан «бийиктик» басмасы) сыяктуу китептердин (аталгандар илимий китептер болуп эсептелет) автору. Кытайлык кыргыздардын «Манас» эпосунун редколлегиясында көптөн бери эмгектенет.

«Кытай императорлорунун кыргыз кагандарына жазган каттары» («Учкун» АК. Бишкек —— 2003). «Ханзу жазмаларындагы кыргыздар» (биргелешип которгон , «Шинжаң эл басмасы» 2004) сыяктуу китептерди которгон.

«Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхтагы баш кишилери (ажоолору)», «Манас эпосундагы Беш Бейжин тарыхта болгонбу?», «Манас эпосунун тарыхий арткы көрүнүшү» сыяктуу макалалардын автору.

«Манас» эпосундагы «кытай» ким болгон, Манастын тарыхий жоосу ким, Манас тарыхта болгонбу? деген сыяктуу изилдөөлөрдү кытай жазма тарыхтары менен салыштырып изилдеп келет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)