Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович

Өмүралиев Төлөбек Эсенгулович (4. 4. 1947-жылы туулган, Нарын ооданы, Куланак айылы) — мамлекеттик ишмер.

Юридика илимдеринин кандидаты. 1970-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн.

1970—73 жылдары Нарын ооданынын "Куланак" жана "Коммунизм" колхоздору«да зоотехник-селекционер, башкы зоотехник, оодандык айыл чарба башкармасында улук зоотехник.

1973—77 жылдары комсомолдун Тянь-Шань оодан комитетинин 1-катчысы, 1977—78 жылдары Тянь-Шань райаткомунун жооптуу катчысы, 1978—82 жылдары Кыргызстан КП Нарын дубан комитетинин инструктору, айыл чарба бөлүм башчысы, 1982—86 жылдары Тогуз-Торо оодан аткаруу комитетинин төрагасы, 1986—89 жылдары КБКП БКга караштуу Коомдук ИАнын аспиранты, 1989—90 жылдары партиянын Ысык-Көл дубан комитетинин инспектору, 1990—92 жылдары Тянь-Шань оодан аткаруу комитетинин төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1992—94 жылдары Тянь-Шань оодандык мамлекеттик акимдик башчысы.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин Акимдигинде бөлүм башчы жана ошол эле учурда 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы, республиканын өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын төрагасы. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)