Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Өмүралиев Кенжебек

Өмүралиев Кенжебек (30.3.1967-ж. т., Жумгал району, Кызыл-Туу айылы) — спортчу (эркин күрөш). Эл аралык класстагы спорт чебери (1986), өспүрүмдөр арасында СССРдин (1984), Европанын (1985), жаштар арасында СССРдин, Европанын (1986), СССР элдеринин XI Спартакиадасынын жана СССР чемпионатынын (1991) чемпиону.

12 жашынан машыга баштаган. 1993-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.

1991-жылдан эркин күрөш боюнча Олимпиалык резервдеги республикалык адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде машыктыргыч, 1994-жылдан директору.

Өмүралиев көптөгөн эл аралык мелдештерге, дүйнө, Азия чемпионаттарына жана башка катышып байгелүү орундарды ээлеген, Кыргыз Республикасынын бир нече жолку, СССРдин 6, Европанын 4 жолку чемпиону.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)