Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Өмүралиев Чоюнбек

ЧОЮНБЕК ӨМҮРАЛИЕВ (Тянь-Шань ооданындагы Куланак айылында 1952-жылы үчтүн айынын 10 (январь) туулган) - жазуучу.

1973-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.

Нарын телерадиокомитетинде редактор, Нарын дубандык радиоберүүсүндө кабарчы,

1983-1985-жж. Нарын дубандык музыкалуу драма театрынын мүдүрүнүн орунбасары,

1985-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде,

1991-1995-жж. «Асаба» гезитинде кабарчы болуп иштеген.

Ч. Өмүралиевдин «Эне» аттуу алгачкы китеби 1979-жылы жарык көргөн. Ал көптөгөн түрк элдеринин салттуу маданиятына арналган макалалардын автору. Көчмөн элдердин философиясына арналган «Теңирчилик» аттуу эки томдук чыгарма жараткан. "Огуз намэ" эпосу, Абулгазы бахадур хандын "Түрк санжырасы, Шаакеримдин "Түрк, кыргыз, казак жана хандар тарыхы", Осмонаалынын "Кыргыз, Шабдан тарыхы", Салават Юлаевдин ырлары ж. б. тилдеринен кыргыз тилине түз которулган.

«Манас–1000» медалынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын ээси. Эл аралык Чыңгыз Айтматов коомдук академиясынын академиги.

1987-жылдан Жазуучулар жана 1980-жылдан Журналистер союздарынын мүчөсү.

1991-жылы республиканын жашоосундагы социалдык көйгөйлөр боюнча макалалардын сериясы үчүн, мыкты журналисттик иши үчүн чыгармачыл сынактын жыйынтыктары боюнча, КМШнын журналисттик конфедерациясынын сыйлыгы тапшырылган.



Кыргыз тилинде

Эне: Прозадагы ырлар, аңгемелер - Ф.:Мектеп,1979. - 44 б.

Чабарман: Аңгемелер - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 107 б.

Тенирчилик: Философиялык эссе - Б.: Крон, 1994. - 288 б.

Теңирчилик: Философиялык эссе - Б.: Сорос Фонду, 1995. - 20 б.

Бурут тамга-төрөн тил: Сөздүк эссе – Б.: Бийиктик, 2008. – 250 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)