Өмүр уулу Азиз

Өмүр уулу Азиз - (1870–1970) - манасчы. Каракол уездинин Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында 1870-жылы туулган.

Атасы Өмүр ошол кездеги Түргөн болушу болуп турган Кыдыр акенин алдында старчын кызматын аткарган мал-жандуу, оокаттуу адам болгон. Мындан сырткары, Өмүр жөө жомокторду, «Манас» эпосунун айрым үзүндүлөрүн айта койчу. Ал эми Азиздин бир тууган агасы Өмүр уулу Чоюке кыргыз элине белгилүү залкар манасчы катары таанылган. Чоюке «Манас» айтып, эл-жер кыдырып кеткенде, айылдаштары: «Чоюке жокто сен бизге эрмек болуп, Айкөлдүн баянын айтып берип тур» - деп, Азизди кыстап, «Манас» айттырып жүрүшөт. Азиз агасы Чоюкенин көзүнчө ыйбаа кылып, «Манас» айтуудан тартынып жүргөнү менен, «Манасты» өтө мыкты айткан манасчылардан болот. Азиз дагы Чоюкедей эле кереметтү түш аркылуу «Манас» айтып калат.

Мал кайтарып жүрүп, Тулпар-Таштын түбүндө уктап калган Азизге Кошой баатыр келип: Манас, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак жана кырк чорону тааныштырып, мындан ары көргөнүн көргөндөй кылып, Баатырларды элге айтып жүрүшүн талап кылат.

Азиз Манастын сегиз муунуна чейин айта алган. Кийин уулу Шаабай «Манас» айта баштаганда, Азиз манасчылык өнөрдү биротоло уулуна өткөрүп берип, өзү «Манас» айтууну токтотот. Бирок өмүрүнүн акырына чейин уулуна устат катары манасчылыктын ар сырларын айтып берип, туура жолго салып турган.

Өмүр уулу Азиз классикалык түрдөгү манасчылардын бири болуп эсептелинет. Өмүр уулу Азиздин манасчы болуп калышына түздөн-түз атасы Өмүр жана агасы Чоюке себепчи болгондугу шексиз. Бирок Азиздин манасчылыгын токтотуп, уулуна өткөрүп бериши анын вариантынын сактоочусу жана жолун улантуучусу катары уулу Шаабайды эсептеген.

Өмүр уулу Азиз 1970-жылдын 1-январында дүйнөдөн кайткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)