Өйдө аккан суу

Окумуштуулардын башын катырган, ал эми туристтер үчүн кызыктуу зыярат жерге айланган табышмактуу үч жол Израилде жайгашкан. Бул жолдорго суу төксө, суу табият мыйзамы боюнча дөндөн ылдый эмес, өйдө агат экен. Биринчи жол Бейт-Шемеша деген жерде, экинчиси Мегидо деп аталган дөңсөөдө, үчүнчүсү болсо Кедрон аттуу өрөөндө жайгашкан булар үч башка жактан келип, бир чоң кара жолго кошулушат. Табияттын тамашасыбы, айтор, үч жол тең таңкалыштуу сапаттарга ээ. Жолго машинаны токтотуп койсо, ал физикалык мыйзамга карабастан, өйдө карай жылат. Кадимки баскетбол тобу да тоону көздөй тоголонуп, анан күүлөнүп да кетет. Ар бири болжол менен 600 метрге созулган бул жолдорду атайын көрүү үчүн туристтер келишет. Алар жолго суу төгүп, анын өйдө карай агып жатканын көрүп аң-таң болушат.

Окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзгөн соң эч бир жыйынтыкка келе алышкан эмес. Алгач "Бул жөн гана көздүн жаңылыштыгы, чындыгында суу төмөн тарапты көздөй агып жатат" деп айткандар да чыккан. Бирок, мындай көз караш да туура эмес. Бул тууралуу адамдар: "Таңкала турган эч нерсе жок. Израилде бардыгы тетири. Суулар да өйдө агат", - деп тамаша кылышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)