Өгөбаев Курманбек

Курманбек Өгөбаев (Ысык-Ата районунун Байконок айылында 1932-жылы 2-ноябрда туулган) - жазуучу, журналист.

1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүрүп,

1959–1979-жж. Кыргыз улуттук телерадиосунда телеоператор,

1979-жылдан радиодо адабий редактор болуп иштеп, "Нуска" берүүлөрүн даярдаган.

1963-жылы алгачкы "Жаздын кызы" аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Э. Хемингуэй, И. Тургенев, П. Паустовскийдин чыгармаларын, Шатуновскийдин "Оңду-солду Америка" китебин, М. Ордубадинин "Калем жана кылыч" романын кыргыз тилине которгон.

К. Өгөбаевдин "Ой ойлоп жашайт талаалалар" публицистикалык чыгармасы "Чүйүбүз – куттуу үйүбүз" конкурсунда алдыңкы орундарды ээлеген.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Жаздын кызы: Аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1963. 72 б.

Дилгирдин окуялары: Повесть, жомок, аңгемелер. Ф.: Мектеп, 1967. 104 б.

Токойду сагындым: Аңгемелер (тестиер балдар үчүн) Ф.: Мектеп, 1975. 272 б.

Оюнчуктардын окуясы: Жомок. Ф.: Мектеп, 1979. 13 б.

Чынынын сыныгы: Повесть, аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1969.

Ак таңдай: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 264 б.

Ыйык нур: Поэма. – Б.: Бийиктик, 2003. –84 б.

Пирпенде: Роман. – Б., 2008. – 474 б.

КОТОРМОЛОРУ

Тургенев И. Жазгы ташкын: Повест. – Ф.: Мектеп, 1974. – 152 б.

Бондарев Ю. Жээк. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 416 б.

Паустовский П. Мещер жери: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп. – 204 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)