Өгел Мехмет Бахаеддин

Өгел Мехмет Бахаеддин (23-апрель, 1923-ж. – 7-март, 1989-ж.). Белгилүү түрк тарыхчысы, профессор. Байыркы хуннулардын, түрктөрдүн, уйгурлардын тарыхы боюнча эмгектерди жазган. Түрктөрдүн маданияты, анын ичинен этнографиясы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Түрктөрдүн мифологиясы, философиялык-диний ишенимдери боюнча эмгектердин автору. Түрктөрдүн чарбасы, чарбалык уклады, тамак-ашы, кийим-кечеси, турак-жайы ж. б. боюнча каада-салтты, турмуш-тиричилик жана жөрөлгөлөрду чагылдырган эмгектерди жарыкка чыгарган. Мехмет Бахаеддин Өгел 1923-ж. 23-апрелде Элазыг аймагындагы Чаршы айылында жарык дүйнөгө келген. Башталгыч билимди Елазыгда жана Малатияда алган. 1940-41-жылдар аралыгында Анкара университетинин Тил жана тарых-география факултетинин тарых бөлүмүнө тапшырган. Орто Азия түрктөрүнүн тарыхын тандап алып, окуусун андан ары уланткан. Археология, синология жана орус тилдерин жардамчы сабак катары алып, 1945-ж. университетти бүтүргөн. Университеттен соң, Улуттук Билим берүү министрлигине жумушка орношот. 1945-ж. 30-июнда Эрзурум лицейине тарых жана география сабактарынан мугалим болуп жумушка орношот. 1947-ж. профессор Вольфрам Эберхарддын жетекчилиги астында докторлук (кандидаттык) иштерин уланкан. "Уйгур мамлекетинин түзүлүшү" аттуу темада докторлук (кандидаттык) ишин коргогон. 1949-ж. GTTге ассистент катары жумушка алынган. Б. Өгел илим тажрыйбасын байытуу максатында 4 айга Иранга барат, ошол эле жыл Германия өкмөтүнүн стипендиясы менен Германияга жөнөтүлөт. Түркия жана Германияда иштеген жылдарынын натыйжасы катары "Ляо династиясынан мурдагы замандагы киданлар" аттуу доценттик илимий даражадагы эмгегин даярдап, 1957-ж. доцент наамын алган. "Александр фон Гумбольт" атындагы фонддун стипендиясынан пайдаланып, 1959-ж. кайра Германияга келип изилдөө иштерин уланткан. 1961-ж. Тайвань өкмөтү тарабынан Тайпейдеги (Тайвандын борбору) "Улуттук Cheng-chi университетине" мейман-окутуучу катары чакыруу кагазын алат. Тайванда болгон жылдары монография жазганга үлгүрөт. Бахаеддин Өгел 42 жыл бою өз илимий-педагогикалык ишин Анкара университетинде уланткан. Бул жылдар аралыгында билим берүү министрлигинин алдындагы бөлүм жетекчиси, Түркиянын Улуттук коопсуздук кызматында ж. б. мекемелерде иштеген. Кытай тарых булактарын окуп, изилдеп Орто Азия түрк элдерине байланыштуу бир катар маалыматтарды илим айлампасына киргизген.. Б. Өгел илимдин германиялык мектебинин тарыхты изилдөө усулдарын Түркия тарыхчыларына тааныткан алгачкы илимпоздордун бири. Б. Өгел тарых илимине байланыштуу 20 томдук китеп, 120дан ашуун макалаларды жарыялаган. Германия, Англия, Италия, Венгрия, Тайвань, Иран жана СССРдеги илимий жыйындарга катышкан. Немец, англис, кытай, фарси, монгол жана түрк тилдеринде эркин сүйлөй алган. 1989-ж. ооруудан каза тапкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)