Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ныязалы Борошев (1856-1941)

Сахна ачылып кезектеги номерди аткаруучу чыгып келе жатканда эле отургандар жандана түштү. Ал жеңин түрүп, комузун күүлөдү да, күү чертип, өнөр көрсөтүп жатты. Комузу бирде ийинге чыга түшсө, бирде бооруна кымтыла калат. Жалаң эле колу ойнобостон, чертип жаткан күүлөрүнө сөз, ыр да кошо коюп, элди күлдүрүп жатты. Анысына отурган элдин баары кыраан-каткы күлүп, ыраазы боло кол чабышат. Бул кыргыздын белгилүү комузчусу, шайыр ырчы - Ныязалы эле. Ныязалы Борошев азыркы Аксы районундагы Кичи акжол кыштагында туулган. Ал жаштайынан зирек, ыр-күүгө шыктуу өскөн. Ныязалы ыр-сөз менен коштолуп чертилүүчү күүлөрдүн чебери болгон. Ныязалынын аткаруучулук өзгөчөлүктөрүнүн бири - күүлөрдүн чыгыш тарыхын жана маанисин айтып, айрым кайрыктарын куудул сөз коштоп черткен. Атактуу комузчу булбулдун, торгойдун, чакчыгайдын жана башка куштардын үнүн укмуштуудай так туурап черткени эл арасында алиге чейин айтылып жүрөт.

Ныязалы бактын ичине отуруп комуз чертсе, андагы ар түрдүү куштар үн алышып, комуз токтой калганда кайра сайрашып, комуз күүсү менен булбул үнүнүн угулушу өзүнчө эле алым-сабак алышып сайрагандай сезилчү дешет. Ныязалы элдик күүлөрдү да чебер аткарган. Ошондой эле өзү да Кара өзгөй, Арсар күү, Кер толгоо, Сары барпы, Короо күзөтүү, Өттү, кетти балалык жана башка көптөгөн күүлөрдү чыгарган. Ныязалыдан Токтогул, Коргол, Атай, Шекербек жана башка комузчу, ырчылар таалим алышкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)