Нусупова Жумагүл Балтабаевна

Нусупова Жумагүл Балтабаевна (17. 5. 1931ж. туулган, Фрунзе) – мамлекеттикжанакоомдук ишмер. КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2011). Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайын (1949), Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтун (азыркы И. Арабаев атындагыКМПУ, 1953), КМУну (1965) бүтүргөн. 1953–54-жылы комсомолдун Фрунзе шаарындагы 1-Май облусунун, 1954–59-жылы Талас, Фрунзе Облусттук комитеттеринин секретары, 1960–62-жылы партиянын Фрунзе шаардык комитетинин секретары, 1962–69-жылы партиянын Фрунзе шаарындагы 1-Май райкомунун 1-секретары, 1969–80-жылы Кыргызстан КП БКда бөлүм башчысы, 1980–85-жылы Кыргыз ССР мадабият министри, 1985–2008-жылы М. В. Фрунзенин үй-музейинин директору, 2008-жылдан кеңешчи-консультанты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 5 жолку депутаты (1963–80). 2 «Ардак Белгиси», Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)