Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Новый флюорит кени

Новый флюорит кени, Айдаркен флюорит кени Баткен облусунун Кадамжай районунда. Айдаркен руднигинин аймагында, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1900–2200 м бийиктикте. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1971- жана 1986-ж. запасын бекиткен. Кен аймагын силур, девон, карбон мезгилиндеринин кумдук, акиташ, конгломерат тектери түзөт. Кен киноварь, антимонит жана флюорит менен минералдашкан жаспероид жана жаспероиддүү брекчия кабаттарына топтолгон. Флюорит майда тарам, чогунду жана ар кандай формадагы линза, уя сымал жатат. Өңү, көгүш кызгылтым, сыя көк түстө, тунук. Орточо өлчөмү 12,9%. Флюориттин запасы С1 категориясы боюнча – 578 миң т, С2–358 миң т. 1997-жылга карата баланстагы запасы С1 – 313 миң т, С2–320 миң т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)