Нооруз майрамы

Кыргыздардын "Нооруз майрамы" кайсы доордон бери өткөрүлүп келгендиги тууралуу азырынча так маалымат болбосо да, кыргыздардын кем дегенде сүй сулаласы (581-618-жылдар) доорунан

тартып Нооруз майрамын өткөрүп келгендиги, таң сулаласында Нооруз майрамын өткөрүү кыргыздарда абдан өөрчүп, кийин бул майрамды тек кыргыздар гана эмес, башка түрк улуттары да өткөргөндүгү маалым. Таң доорунда кыргыздар Нооруз майрамын чоң салтанат деп эсептечү, ал эми алар Нооруз салтанатында кең кеткен Энесай жайлоолорунда арстан ойнотуп, төө чаап, ат үстүндө түрдүү чеберчиликтерди көрсөтүшчү. Нооруз салтанатынын көлөмү абдан чоң болуп, ага тек бир, эки гана айыл катышпастан, бүткүл кыргыз уруулары катышып, майрам аябай кызыктуу өтчү. Айрыкча кыргыздар жана башка түрк улуттары ислам динине киргенден кийин исламдын диний майрамдары (орозо айт, курман айт сыяктуулар) алардын негизги майрамдары болуп калды. Нооруздун майрамынын дагы бир озгочолугу адатта, бул мусулман майрамы күн-түн теңелген учурду күтөт. А бирок, аны бир күндө жасап, "бүттү" дегенге болбойт. Ал дагы регионалдык өзгөчөлүктөрүнө шартташат. Кыргыздардын көпчүлүгү тоолуу аймактарда жашаган. Күн менен түн теңелген учурда ак кар, көк муз эрий элек мезгил дагы болот.

Мындай аймакта бул күндө көжө кылып, бири-бирин урматташат. Ал "Чоң көжө" деп аталган. Үйдү арча менен аластап желдетип, үй ичин күбүп, жыйнап-тирдеп алышкан. Ал тапта жакада Нооруз гүлү чыгат. Дыйканчылык башталат.

Буудайдын көгү чыгат. Сүмөлөк жасоого мүмкүнчүлүк алат. Бул даамды элге ооз тийгизүү аркылуу майрамдык жышаана өз максатына жетет. Улуттук таң-тамашаларды өткөрүүдө тоодо, өйдө жашаган элдин Ноорузу эки жумага дейре созулат. Бул бири-биринин абалын сурашууга, дасторкон жайышууга, тоодо жаз толук келип, үрөөн себишүүгө үлгүрүүгө себеп болот. "Нооруз майрамы" жана байыркы кыргыздардын диний ишеними менен да байланыштуу. Байыркы кыргыздар бир түрдүү башталгыч динге ишенишип, суу, тоо пирлерине, айрыкча от пирине сыйынышып, күн пири "умай эне" дешип, аны жаандагы бардык нерсенин баш паанасы деп карашкан. От пири кишилер арасындагы бала-каза жин шайтандарды жок кылат деп эсептешкен. Ошого алар көөнө жылды узатып, жаңы жылды тосуп алчу "Нооруз майрамы" болгондо ак тилегин айтышып, бардыгы кечиндеси "алас-алас" айтышып, оттон секиришкен.

Эртеси таң атаары менен үй ээлери ысырык салып, үй-бүлөсүнүн жана мал-баранын башынан үч жолу тегеретип, короону үч айланып, бала-каза жана жин-шайтандардан сактанган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)