Нооруз майрамы

Нооруз фарсча «навруз» - «нав» - жаны, «руз» - күн дегенден чыккан. Бул майрам эски календарь боюнча 21-мартка (жалган куранга) туура келген Орто Азия элдеринин майрамы. Нооруз кайсы жерде, кайсы элде белгиленбесин алоолонто жагылган оттун айланасында ыр - бий, оюн - зооктун коштоосу менен өткөн. Нооруз тамыры миңдеген жылдарга терендеп кеткен майрам. Байыркы бабаларыбыз эртен менен чыгып келаткан күндү тосуп, батып бараткан күндү узатып, күнгө сыйынып жашашкан.

Күнгө табынуу салты боюнча Нооруз башталганга чейин эле отун-суу камдалып, айлана-чөйрө, үй, короо-жай тазаланат. Кыргызда эски жыл бүтүп, эртен жаңы жыл башталат деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты «жыл ажыраш» аталган. Ал «эски жыл ажырады, жаңы жыл жалгады» деп айтылат. Күн менен түн теңелген мезгилде арча, чекенден бүчүр күйгүзүп, үй-бүлөнү, малды жана үй ичин аласташкан. Алас-алас, Ар балээден калас, Эски жыл кеттти, Жаны жыл келди - деп.

Ошондой эле жанырган жылда мал-жандын, эл-журттун аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары жана эгиндин берекелүү болушун тилеп, кудайга, жер-суу, тоо-ташка жалынышкан. Жети түрлүү даам жасап, арпадан, буудайдан көжө же сүмөлөк жасап, аны үй-бүлө, айыл-апа менен чогуу ичишкен. Нооруз күнү укташпастан ырдап-бийлеп, сармерден айтышып, күү чертишип, кадыр түн тосушкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)