Нооруз

Байыркы кыргыздарда бир жыл ичинде нечендеген майрамдарды өткөрүшкөн. Алардын көпчүлүгү Энесай доорунан бери эл арасында уланып келатат. Атактуу майрамдары "Жаз майрамы", "Күз майрамы" деп аталган.

Жаратылыш менен эриш-аркак жашаган эл, анын ыйыктыгына, кооздугуна жана берешендигине байланышкан майрамдарды шаңдуу өткөрүшсө керек. Энесай доорундагы майрамдардын аты, шаан-шөкөтү, жорук жосуну кийинчирээк унутулуп, кыргыздар Теңир-Тоого келгенден баштап, той деп аталып, элге тарап кеткендей. Азыр тойлордун түрлөрү 50дөн ашып кетти. Нооруз майрамы Эл ичинде "Нооруз майрамы" сыяктуу каадалуу майрамдар бар. Нооруз майрамын өткөрүү жалаң кыргыздарга гана таандык эмес, түрк улуттарынын бардыгы ушул майрамды өткөрөт.

Ал гана эмес Иранда да Нооруз майрамы майрамдалат. Ал эми кыргыздын жөрөлгөлүү майрамын өткөрүү тарыхы башкалардыкынан бир кыйла узун. Нооруз майрамы шамсия жыл эсеби боюнча ар жылы жыл башында өткөзүлүп, ал жаңы жыл деген маанини берет. Демек, жыл болгон соң анын жыл эсеби болот. Кыргыздар түрк улуттарынын ичинде күн, ай, мезгил, жылдарды жана он эки мүчөлдү эң алгач, ары эң кемелдүү колдонуп келген байыркы улут болуп эсептелет. Байыркы кыргыздар жогоркудай жыл эсептөө башталгандан тартып ар жылы ошол күнү куттуктоо кыймылдарын өткөзүп, бул чоң мааракени майрамдап келишкен.

Ушундай жыл эсептөөнүн башка улуттарга таралышына ээрчий байыркы түрк улуттары аны колдоно баштаган. Нооруздун пайда болушуНооруз майрамынын келип чыгышы кыргыздардын жыл эсеби менен байланыштуу. Мындайча айтканда, Нооруз майрамынын пайда болушу алды менен кыргыздардын жыл эсебинен келип чыккан деп карайбыз. Ошондой эле Нооруз майрамы кыргыздардын эмгек өндүрүшү менен байланыштуу. Кыргыздар Нооруз майрамында жети түрдүү данды кошуп көжө жасашат.

Ары айыл-апасын чакырып көжөнү чогуу ичишип, жаңы жылда мал-жандын амандыгы үчүн тилек тиленет. Нооруз майрамы менен тең эле жаз жарышы башталып, тол алуу мезгили болот. Ошондуктан, майрам мезгилинде кыргыздар өздөрүнүн өндүрүш тажрыйбаларын алмаштырып, жаңы жылдагы ой пикирлерин ортого салат. Нооруз майрамы кыргыздардын салттык майрамы болуу менен катар байыркы замандан тартып, азыркы заманга чейин болгон аралыкта өзүнүн өнүгүү, өзгөрүү жана көтөрүлүү, басаңдоо тарыхын басып өттү. Нооруз майрамы алгач кыргыздардын жыл эсебинин пайда болгонун гана куттуктоо кыймылы болуп эсептелсе, кийин тарыхтын өнүгүшүнө ээрчий ал акырындап отуруп, кыргыздардын өндүрүш, диний ишеними менен тыгыз байланышып, ага кыргыздын ак тилеги сиңди. Ошентип, бул майрамдын мазмунуна доор түсү үзгүлтүксүз кире баштады.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)