Ноокат чопо кени

Ноокат чопо кени Ош облусунун Ноокат районда, Эски Ноокаттан 10–15 км түндүк-чыгыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1383–1574 м бийиктикте. 1971-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы геол. чалгындоо жүргүзүп, запасы эсептелген. Кен аймагын бор мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу катмар монтмориллонит курамындагы чоподон турат. Алардын арасында катмарча жана линза (калыңдыгы 0,1–11,3 м) түрүндөгү үлүлдүү – акиташ теги кезигет. Чопо катмарынын калыңдыгы 65–82 м. Чопо нык, чоюлгуч, бир аз гипстелген. Чопо ийилгич кошумчасы катарында кирпич жасоодо, керамзит өндүрүүгө жарамдуу. Чопого 50% шамот (отко чыдамдуу чопо же каолин) кошсо керамикалык плиталарды даярдоого болот. Запасы В категориясы боюнча 2401 миң м3, С1 – 4705 миң м3, В+С1 – 7106 миң м3, С2– 3852 миң м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)