Ньютон Исаак

Улуу жазуучу, композитор, сүрөтчүлөрдү классик деп аташат. Классик деген сөз мыкты, жетик, үлгүлүү, таанымал дегенди билдирет. Ал эми жетик, кемтиксиз түзүлгөндүгү үчүн классикалык илим деп аталган да бүтүндөй бир илим бар. Ал - Ньютондун классикалык механикасы. Механика - нерселердин кыймылы жөнүндөгү илим. Мисалы, жаандын тамчылары үйдүн чатырын дыбыратат, хоккейчилер музда зымырашат. Асманда учак абанын жардамы менен учат. Планеталар күндү айланышат жана башка ушул сыяктуу кыймылдар бири-бирине окшобогону менен алардын баары механиканын бирдиктүү мыйзамдарына баш иет. Бул мыйзамдарды англис окумуштуусу Исаак Ньютон ачкан. Бала кезинде ал механикалык оюнчуктарды, суу тегирмендин моделин, батберек жасаганды жакшы көргөн. Кийин ал күзгү, призма, линза жылмалаганды эң мыкты өздөштүрүп, бул өнөрү менен Англиядагы эң мыкты усталардан да ашып түшкөн. Дарактын башынан үзүлүп түшкөн алма Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу мыйзамын ачуусуна негизги себеп деген уламыш кеңири тараган.

Бирок башка окумуштуулар деле нерселердин түшкөнүн көрүшкөн жана аны түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Ошентсе да Ньютонго чейин бул эч кимдин колунан келген эмес. Эмне себептен алма четтеп, капталдап кетпей дайыма жерге түз түшөт - деп ойлогон ал. Бул маселенин үстүндө Ньютон жаш кезинде эле ой жүгүртө баштаган, бирок аны кандай чечкендигин 20 жылдан кийин гана жарыялаган. Ньютон түшүп бараткан алманын, ыргытылган таштын, ай менен планеталардын кыймылы бардык нерселердин ортосунда болуучу өз ара тартылуунун жалпы мыйзамына баш иет деп аныктады. Бул мыйзам ушул кезге чейин бардык астрономиялык эсептөөлөр үчүн негиз болуп келүүдө.

Анын жардамы менен окумуштуулар күндүн тутулушун алдын ала так айтышат, космос кемелеринин траекториясын эсептеп чыгарышат. Асмандагы жылдыздарга байкоо жүргүзүү үчүн күзгүлүү телескоп жасоодо Ньютондон анын ар бир тетигин жасоо көп эмгекти жана чыдамкайлыкты талап кылды. Ошого жараша телескоп да ойдогудай мыкты болду. Ньютон менен бүткүл Англия сыймыктана баштады. Лондондогу королдук коом (Англияда илимдер академиясы ушундайча аталат) аны өзүнүн мүчөсү кылып шайлаган.

1703-жылдан өмүрүнүн акырына чейин бул коомдун президенти болгон. Ньютон ар түрдүү оптикалык приборлордон чоң коллекция жыйнап, алардан лабораториясында ар кыл тажрыйбаларды жүргүзгөн. Бул тажрыйбалардын натыйжасында окумуштуулардан алгачкы болуп спектрдеги ар кандай түстөрдүн кайдан келип чыккандыгын баамдап, табияттын түркүн түстүүлүгүнө түшүндүрмө берди. Ньютон физиканын математика менен абдан тыгыз байланыштуу экендигин эң сонун түшүнгөн. Бул ыкмалардан (методдордон) азыркы кездеги жогорку математика келип чыккан.

Аны менен бүгүнкү күндө ар бир физик, инженер жакшы тааныш. Ньютон химия боюнча да изилдөө жүргүзгөн, металлдардын касиеттерин негиздеген. Улуу окумуштуу өтө жөнөкөй, сыпаа адам болгон. Анын дайыма иштен колу бошобой, ушунчалык берилгендиктен тамак ичүүнү да унутуп койчу. Ал суткасына 4 же 5 гана саат уктаган. Физика тарыхында Ньютондун механикасынын пайда болушунан ашкан көрүнүктүү окуя боло элек. Дээрлик 250 жыл бою бүткүл дүйнөдөгү физик, астроном, инженерлер өз ишинде Ньютондун мыйзамдарына таянышкан. 20-кылымдын башталышында гана башка бир улуу физик - Альберт Эйнштейн кылымдын жаңы мыйзамдарын ачкан. Анткен менен Эйнштейндин теориясы Ньютондун механикасына каршы келбейт, тескерисинче аны толуктап тактайт.

Балдардын оюнчуктарын жасоодобу же зор космос кемелерин конструкциялоодо болобу - бардык иштерде Ньютондун механикасы өз маанисин дайыма сактайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)