Ниши

Ниши (ошондой эле: бангни, дафла)— Индиянын түндүк-чыгышындагы эл. Аруначал-Прадеш штатынын Папум-Паре, Чыгыш Каменг жана Ылдыйкы Субансири, ошондой эле Ассам штатынын Дарранг аймактарында жашашат. Ethnologue билдирүүлөрүнө караганда этностун саны болжол менен 261 миң адам. Ниши тили тибет-бирман тилдерине кирет. Эң жакын тилдер болуп апатани жана ади эсептелинет. Улуттун билимдүүлүгү болжол менен 40%.

Нишилер арасында полигамия күч алган, башка этностор менен үй-бүлө куруу болбойт. Экономикасы негизинен жер иштетүү, алардын ичинте: күрүч жана буудай себүү. Ал эми диний көз караштары жаратылыштын кубулуштарына ишенүү болуп саналат. Учурда көпчүлүгү христиан динине өтүп кетишкен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)