Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Николаева Елена Сергеевна

Елена Сергеевна Николаева (25.12.1985-ж. т.) — орустун журналисти жана актрисасы.

1985-жылы 25-декабрда Ташкенде төрөлгөн. А дегенде Ташкен орто мектебинде окуган, анан Москвага кеткен жана ошол эле шаарда орто мектепти аяктаган. 2009-жылы И. М. Губкин атындагы Мамлекеттик мунай жана газ университетин бакалавр даражасы менен бүтүргөн. 2011–2012 жылдары Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университетинде таалим алган. 2010-жылдын август айынан 2010-жылдын декабрь айына чейин «РБК дейли» газетасынын өз баяндамачысы. 2011-жылдан 2013-жылга чейин «Эксперт ТВ» каналында кабарчы болуп иштеген. Учурда «РБК ТВ» каналынын алып баруучусу болуп иштейт. 2004-жылдан кийин Елена Николаева бир нече киноролго тартылды.

2011-жылы «Леди Журналист» сынагынын жеңүүчүсү болгон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)