Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Незнайка

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Незнайка

Жомоктогу эргежээлдер өлкөсүнүн Гүл шаарындагы Мандалак көчөсүндө Незнайка аттуу бала жашаптыр. Аны такыр нерсе билбегендиктен, ушинтип атап коюшкан (Незнайка орусчадан которгондо Билбес дегенди билдирет). Башка бирөө мындай атка таарынат беле, ал эми Незнайка болсо ыраазы. Ал көчөмө-көчө сейилдеп жүрүп, акылга сыйбаган ар кандай окуяларды оюнан чыгарып айта берет. Мындай окуяларга ишенген анын достору көп учурларда шылдың болуп, жаман абалда калышчу. Бирок бир аз ызаланышканы менен тез эле Незнайканы кечиришет. Анткени Незнайканын анчалык деле акылдуу бала эмес экендиги баарына белгилүү да. Незнайка гана өз ичинде буга макул эмес эле. Бир жолу Незнайка жана анын абийири мындайча сүйлөшүп калышат: - Кууланба, кууланба, - деди абийири кекете. - Сен баарын эң сонун түшүнөсүң, жөн гана элге эчтеме билбеген аңкоо катары көрүнгүң келет.

- Жок, мен аңкоомун - деп көгөрдү Незнайка. - Мен такыр кууланганым жок. Эмнеге кууланмак элем? - Эмнеге экенин өзүң билесиң да. Аңкоонун жоруктарын элес албай кечирип коюшат. Сен оюңа келгенди жасоо үчүн элге аңкоо болуп көрүнүп жүрөсүң. Сенин аңкоо эместигиңди мен жакшы билем го. Деги Незнайка өзү кандай бала? Аны жакшы билгиңер келсе, жол жүрүүгө камдангыла. Анткени Незнайка бардык нерсени көрүүгө өтө ынтызар бала жана ноюбаган саякатчы. Саякат Незнайка жана анын досторунун окуялары деген биринчи китебинен башталат.

Незнайка күнөстүү шаарда деген экинчи китебинде таң калыштуу нерселер, серпилмелүү буттары бар жол тандабас машина, топчусун бассаң каалаган жомогуңду көрсөткөн сыналгы тууралуу айтылат. Эргежээлдердин бул өлкөсүндө кереметтер азбы! Бирок Незнайка үчүн аздык кылат экен. Ал башка планеталарда эмне болуп жатканын билүүнү каалайт. Эмки саякат Незнайка айда деген үчүнчү китепте.

Незнайка жөнүндөгү бул үч повесть-жомокту Николай Николаевич Носов жазган. Ал Витя Малеев мектепте жана үйүндө деген повесттин жана көптөгөн күлкүлүү аңгемелердин да автору. Н. Н. Носовдун китептеринин каармандары окуганды эриктирбейт. Алар тамашаны жакшы көрүшөт, эч качан көңүлдөрү чөкпөйт. Эң башкысы - алар ишенимдүү достор.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 481, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу