Нерв системасы

Нерв системасы — эң эле ар түрдүү милдеттерди аткаруучу татаал системалардын тобунан турган организмди башкарып, аны тартипке салуучу татаал түзүлүштөгү система. Н. с-нын эң негизги милдеттеринин бири — организм менен сырткы чөйрөнү тыгыз байланыштыруу. Ал түрдүү сезүү органдарынын жардамы менен териде, ички органдарда, булчуңдарда жайгашкан сезгич нерв талчалары аркылуу организмдин ички жана сырткы чөйрөсүнөн тынымсыз кабарларды алып, дүүлүктүргүчтөргө жараша ага жооп кайтарат. Н. с. организмдин бардык системаларын бириктирип тартипке салып турат. Н. с. борбордук нерв системасы (мээ, жулүн) жана четки нерв системасы (нервдер, нерв түйүндөрү, нерв чатыштары, нерв талчалары) болуп экиге бөлүнөт. Булардын баары негизинен нерв тканынан турат да, алар үчүн мүнөздүү болгон козголгучтук (дүүлүгүчтүк) жана өткөргүчтүк милдетин аткарат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)