Нерв оорулары

Нерв оорулары — нерв системасынын жабыркашы. Оорунун пайда болушуна жугуштуу оорулар (менингит, полиомиелит, энцефалит), мээ кан тамырларынын атеросклерозу, гипертония жана башкалар оорулар, аракечтик, нерв системасынын кырсыкка чалдыгышы, шишиктери себеп болот. Ошондой эле нерв системасынын тукум куума өзгөчөлүгү да чоң мааниге ээ. Улгайган адамдарда нерв системасын жабдыган кан тамырдын жашка жараша өзгөрүшү да Н. о-на түрткү болот. Н. ошондой органикалык жана функциялык болуп айырмаланат. Органикалык Н. о-да нерв системасынын структурасы өзгөрөт. Функциялык Н. ошондой чарчап-чаалыгуудан, өтө кайгыруудан болот (Шилтеме: Невроздор). Дарылоо оорунун себебине жана жабыркоонун мүнөзүнө жараша жүргүзүлөт. Н. о-н алдын алууда организмге инфекциянын киришинен, уулануудан (өзгөчө наркотик менен алкоголдон), кырсыктан сак болуу, баланы кичинесинен туура тарбиялоо, организмди чыңдоо, спорт менен такай машыгуу, туура тамактанып, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу мааниге ээ.

Комментариев: 1 RSS

1 айдай 21-11-2016 20:31

менин башым коп ооруйт ойлонуп же кайгырып койсом еле бул кандай оору болушу мумкун?

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)