Нерсенин эркин түшүшү

Нерсенин эркин түшүшү – баштапкы ылдамдыгы нөлгө барабар болгон нерсенин Жердин тартылуу талаасындагы кыймылы. Эркин түшүүчү нерсенин кыймылы бир калыпта ылдамдатылган кыймыл болот. Нерсенин эркин түшүшү тартуу күчүнүн жаначөйрөнүн каршылык күчүнүн аракетинин негизинде пайда болот. Тартуу күчү Жердин борборуна чейинки аралыкка, ал эми чөйрөнүн каршылык күчү нерсенин ылдамдыгына көз каранды. Нерсенин эркин түшүшүнө Жердин =0,0000729 рад/сек бурчтук ылдамдыкка ээ болгон суткалык айланышы таасир этет. Эгерде Жердин формасы так сфера эместигин, суткалык айланышын жаначөйрөнүн каршылыгын эске албасак, анда түшүүчү нерсенин оордук борбору Жердин борборуна багытталган түз сызык боюнча кыймылдайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)