Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Некрасов Николай Алексеевич (1821-1877)

Улуу орус акыны Николай Алексеевич Некрасовдун балалык чагы жана өспүрүм кези Волга боюнда өттү. Ал Волганы: Жаралган элдин багына, берекелүү кен дайра - деп атаган. Бирок, мына ушул берекелүү дайрадан Некрасов кичинекей бала кезинен эле жээк бойлой азап менен акырындап жол арбыта суудагы оор баржаны алга жүткүнө чымырканып сүйрөп баратышкан бурлактарды көргөн. Алардын жанга баткан, кайгы-муңга сугарылган оор эмгеги сезимтал баланын жанын кейитчү. Анын адамдардын кайгы-капасына, тарткан азабына жан ачуу сезими эрте ойгонду. Бул анын орустун уулу акын-гражданини болушуна себеп болду.

Н. А. Некрасовдун атасы отставкадагы офицер, орой, катаал киши болгон. Ал китеп ачып караган эмес, карта ойноп, аңчылык кылып, өзүнүн крепостной дыйкандарын мазактоо менен күн өткөргөн. Болочок акындын чыныгы сүймөнчүлүгү анын энеси эле. Ал акылдуу, билимдүү, боорукер адам болгон. Некрасов өзүнүн көп ырларында энесинин образын өтө кастарлап, назиктик менен ачып берген. 16 жашында Некрасов атасынын талабы боюнча Дворяндар полкуна (офицердик окуу жайларынын бири ушундайча аталчу) кирүү үчүн Петербургга келет.

Бирок энесинин кеңешин эстеп жана өзүнүн шык-жөндөмүн таразалап, ал университетке кирүү үчүн даярдана баштайт. Атасы муну билгенден кийин ага акча жибербей коёт. Ошентип жаш өспүрүм чоочун шаарда жарым тыйыны жок калат. Некрасов эмнени гана баштан өткөргөн жок! Туптуура үч жыл бою, дайыма, күн сайын тоё тамак жегеним жок - деп эскерген ал кийинчирээк. Ал кандай иш чыкса да иштөөгө аргасыз болгон, сабатсыз кишилерге кат, арыз жазып берген, актёрлорго пьеса көчүргөн, сабак окуткан... 1838-жылы Некрасов ырларын жарыялай баштайт.

Ал нагыз улуттук акын болгон. Анын поэзиясында орус элдик тилинин бүткүл байлыгы бар. Некрасовдун көптөгөн ырлары анын көзү барда эле элдик ырларга айланып, ушул кезге чейин ырдалып жүрөт, мисалы: Кыдырма соодагерлер, Көйкөлгөн эгин ичинде деген ырлары. Элге, кедей-кембагалдарга, эзилгендерге жаны ачып, тилектеш болуу - Некрасовдун поэзиясындагы эң негизги темалардын бири. Кай тарапка барбагын, Кайсы жакка көз салбагын, Көтөргөн турмуш салмагын, Үзүлө жаздап жилиги, Мээнеттүү орус мужиги,- деп жазган. Темиржол деген поэмасында Некрасов ачарчылык дыйкандарды темиржол курулушуна айдап келгендигин баяндайт.

Алардын көпчүлүгү оор эмгекке чыдабай кырылган. Өз мекенинин мыкты адамдарынын пикирин чагылдырып, Н. А. Некрасов ар бир адамды гражданин - элдин боштондугу жана бактысы үчүн күрөшүүчү болууга үндөйт. Акын болбой калышың мүмкүн, бирок гражданин болууга милдеттүүсүң - деп жазган ал. Некрасов А. С. Пушкин негиздеген Современник журналын, кийин Отечественные записки журналын жетектеген. Бул журналдарга ал Россиянын алдыңкы көз караштагы адамдарынын: Н. Г. Чернышевский, Н. А. Добролюбов, И. С. Тургенев, Л. Н. Толстойдун чыгармаларын жарыялаган. Некрасовдун ырларынын көбү кыргыз тилине которулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)