Нефтини тазалоо

Нефтини тазалоо, чийки нефтиде кум, чопо, чаң, газдар, минералдык туздар жана суу болот. Минералдык туздар гидролизге учурап, к-таны пайда кылып, аппараттарды дат басууга алып келет. Чопо, чаң жана кум аппараттар жылуулук өткөргүчтүгүн төмөндөтөт. Суу нефтинин ректификация аркылуу бөлүнүшүнө тоскоол болот. Ошондуктан нефть кайра айдоого чейин тазаланышы керек. Эриген газдар атайын машинанын жардамы менен бөлүнүп алынат. Басым төмөндөгөндө газдар менен бирге жеңил углеводдор аралашмасы бөлүнүп чыгат. Газ бензини кошумча нефти газынан соляр майы аркылуу ажыратылат. Нефтини тундурууда катуу заттар чөктүрүлөт. Жылуу суу менен бир нече ирет жууп, нефтини минералдык туздан тазалайт. Суу нефти менен туруктуу эмульсияны пайда кылгандыктан, ага эмульсияны буза турган заттар кошулат. Мисалы, нафтен к-тасы натрий тузун кошуп ысытууда эмульсия бузулат, нефть суудан ажырайт. Эгерде жылытылган нефть аркылуу электр тогун өткөзсө, эмульсия тезирээк ажырап, суу тундуруудан кийин жеңил эле бөлүнүп чыгат. Нефть тазалангандан кийин андагы суунун саны 0,1-0,3%, хлорид туздар саны 10-40 мг/л ашпоо керек. 1 м3 нефтиден орточо 30-50 м3 газдар аралашмасы бөлүнүп алынат. Алар химимялык өнөр жайда негизги сырье болуп эсептелет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)