Нефть-газ кендери

Нефть-газ кендери – түзүлүшү боюнчабирибиринен айырмаланган, чөкмө тектердин арасына топтолгон нефть менен газдын чогундусу. Көмүртектүү органикалык заттар борпоң тектердин арасына сиңип, өз алдынча топтолот да, ар кандай өлчөмдөгү, чоңдуктагы бассейндерди пайда кылат. Газ нефть менен бирге эринди түрдө топтолот. Нефтилүү кабаттардын астынкы же үстүнкү бөлүгүнө жыйналат. Дүйнө жүзүндөгү 28 миң нефть кендеринин 15–20%ин нефть-газ кендери түзөт. Ири кендери Кытай, Польша, Венгрияда, Түштүк-Батыш Азия өлкөлөрүндө, Түштүк жана Батыш Африкада, Америкада, Каспий деңизинин жээктеринде, Краснодар крайында, Тиман-Печора аймагында, Сахалин жарым аралында кездешет. 1941– 45-жылы Волга-Урал, 1950–60-жылы Батыш Сибирь ири нефть-газ аймактары белгилүү болгон. Кийинки кездерде ири кендери Батыш Түркмөнстанда, Улуу Британияда, Норвегияда, Данияда жана башка жерлерде белгилүү болду. Кыргызстандын аймагында нефть-газ кендери Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунда кездешет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)