Насирдин Байтемиров (1916-1996)

Кыскача:

Насирдин Байтемиров (1916-1996)Кыргыз эл жазуучусу. 1916-жылы Чүй районунун, Кегети айылында туулган. 1937-жылы Фрунзедеги (аз. Бишкек) зооветеринардык институтту, 1955-жылы Москвадагы А. М. Горький атындагы адабий институтун бүтүргөн. 1937-1939-жылдары армияда кызмат өтөп, 1945-жылга чейин совхоздо бухгалтер, зоотехник, комсомол уюмунда, мугалим, совхоздун бөлүм башкаруучусу болуп иштеген. Кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинин өз кабарчысы, Кыргызстан Жазуучулар Союзунда адабий консультант, «Кыргызстан маданияты» гезитинин өз кабарчысы болуп иштеген. 1934-жылдан тартып чыгармалары жарык көрө баштаган. 1939-жылы анын балдарга арналган «Жомоктор» деген биринчи китеби басмадан жарык көргөн. Кийин көптөгөн ангемелер, ырлар жана поэмалар жыйнагы, романдары, пьесалары өзүнчө китеп болуп кыргыз жана орус тилдеринде басылган. Айрым орус жана чет өлкөлөрдүн жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги. Эмгек Кызыл Туу, Элдер достугу, «Ардак Белгиси» ордендерди, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1996-жылы 80 жашында көзү өткөн.

Толук:

Кыргыз Эл жазуучусу Насирдин Байтемировдун чыгармачылык шыгы эрте ойгонгон. Энеси Арукенин кошокторун, Калмырза, Жаманкул, Осмонкул сыяктуу атактуу ырчылардын эл арасына кеңири таралган ырларын бала кезинде эле отуруштарда, эл чогулган жерлерде ырдап, өзү да ыр чыгарууга ынтызар болгон. Н. Байтемиров айылдык мектепти бүтүп, 1933-жылы Фрунзеге келгенден баштап чыгармачылыкка көбүрөөк кызыга баштайт. 1934-жылы “Ленинчил жаш” газетасына анын “Жаш тилек” деген ыры жарыяланат. Ошол учурда ал Фрунзедеги зооветинституттун 1-курсунда окуп жүргөн.

1937-1939-жылдары аскер кызматын өтөп келгенден кийин 1939-жылы “Жомоктор” деген биринчи китебин жарыкка чыгарат. Бул китептин жазылышына энесинен жана айрыкча жомокту көп билген агасы Касымдан уккан жомоктору негиз болгон.

1939-жылдан 1945-жылга чейин Н. Байтемиров айыл жерлеринде ар түрдүү кызматтарда иштеп, жазуучу үчүн эң зарыл болгон турмушту үйрөнүү мектебинен өтөт, өзүнүн болочок чыгармалары үчүн бай материал жыйнайт. 1945-жылы Фрунзеге келип, республикалык “Кызыл Кыргызстан” газетасында иштей баштаган мезгилдерде “Азамат” повесттин жазып, ал 1948-жылы жарыкка чыгат. Повестте автор согуш мезгилинде өлкөнү коргоого жана душманды кыйратууга өзүнүн бүткүл аракетин жумшаган кыргыз учкучу Азаматтын образын түзүүгө далалаттанган. Азаматтын прототиби катары жазуучу душманга 88 жолу согуштук учуш жасаган отставкадагы подполковник Курманбек Жүндүбаевди алган. Реалисттик прозага шилтенген алгачкы кадам болгондуктан, бул чыгармада көркөмдүк чеберчилик жактан автордун али такшала электиги байкалып турат.

Кыркынчы жылдары Н. Байтемиров проза менен бирге көптөгөн лирикалык ырларды жазды. Алардын бир катарына (“Гүлгүн жаш”, “Толкун”, “Гүлдө жан", “Пахтам”, “Эсте секет” ж. б.) композиторлор музыка жазып, тез эле элге кеңири тарап, театрдын, филормонияныи, өздүк көркөм чыгармачылык коллективдердии туруктуу репертуарына айланып кетти. Жаш кезинен ырга, музыкага ышкыбоз Н. Байгемиров өзү да обои чыгарууга кызыгып, ал жылдары анчамынча обондорду жараткан. 1941-жылы 20-июнда “Ленинчил жаш” газетасына А. Токомбаевдии “Талаа көркү” деген ыры нотасы менен кошо жарыяланып, ал ырдын обону Н. Байтемировдуку деп көрсөтүлгөн. Обонду композитор Шварц иштеп чыккан. “Жаңыл” драмасынын музыкалык көркөмдөөсүн да, Н. Байтемиров ишке ашырган.

Кыскасы, жазуучунун таланты адегенде эле ар түрдүү багытга көрүиө баштаган. Элүүнчү жыл дардан берки чыгармачылыгына жалпы көз чаптырган адамга, анын адабияттын көп жанрларында жемиштүү иштегендиги ачык эле көрүнүп турат. Ошолордун ичинде автор акын, прозачы, драматург, публицист катары көбүрөөк таанылган.

Н. Байтемировдун көп түрдүү жана мазмундуу чыгармачылыгын жээгинде көк чөбү мол, күтүрөп мал жайылып, жылдан жылга бак-шагы артып, жайыкышы бөксөрбөй агып жаткан тоо суусуна салыштырып келип, Ч. Айтмагов минтип жазган: “Адамдын тагдырындай жазуучунун жолунун да дайыма бир калыпта болбой тургандыгы сыиары. анын өзүнүн да жогору көтөрүүлүсү менен түшүүсү, жетишкендиги менен кемчилиги бар экендигй табигый көрүнүш. Кыргыз элинин азыркы учурдагы чындыгьт, анын жакынкы жана байыркы гарыхы, азыркы адамдын абалы, ой-жүгүртүүлөрү, анын эмгегн, демейки күндөрү менен майрамдары Н. Байтемировдун көп сандаган жана ар түрдүү жанрлардагы чыгармаларында терең сүрөттөөгө ээ болду.

Н. Байтемировдун прозалык чыгармаларынын ичинде роман жанры басымдуу орунду ээлейт. 1949-жылы жазуучунун алгачкы романы “Жаш жүрөктөрдүн” биринчи китеби болгон “Салтанат” жарыкка чыкты. Ага өз убагында бир катар сын пикирлер айтылды. Романдын экинчи китебин “Жаш жүрөктөрдү” автор 1953-жылы жарыялады. Н. Байтемировдун совхоздо иштегендиги, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги сөвхоз жумушчуларынын күжүрмөн эмгегине, аларДын кубанычы менен кайгысына күбө болгондугу ага ошол турмуш чындыгы тууралуу «Салтанат», “Жаш жүрөктөр” романдарын жазууга мүмкүндүк берген.

“Салтанат” романы Н. Байтемировдун чыгармачылыгындагы бурулуш учур. “Бул жаш прозачынын чыгармачылыгындагы гана эмес, ошол учурдагы кыргыз прозасындагы жаңылыктардын бири эле. Байтемировду коомчулукка прозачы катарында тааныткан чыгармасы да мына ушул “Салтанат” романы болуп эсептелет”. “Салтанатта” автор совхоздун саясий бөлүмүнүн башчысынын орунбасары Керимбек, агроном Абыл, зоотехник Күлжан, совхоздун директору Иван Петрович, саясий бөлүмдүн башчысы Яровой сыяктуу жетекчилерден тартып, карапайым жумушчулардын согуш мезгилинде совхоздун чарбасын көтөрүп, фронтко көбүрөөк жардам берүү үчүн жүргүзүп жаткан күрөштөрүн сүрөттөгөн. Бирок бул китепте, негизинен, Керимбектин гана образы толугураак ачылып, ал эми калган башка каармандардын индивидуалдуу мүнөз өзгөчөлүктөрү анчалык терең көрсөтүлгөн эмес.

Автор Керимбекти элге, мекенге берилген, ал үчүн жанын аябай эмгектенген ак ниет, демилгечи, жөндөмдүү жаш кызматкер катары көрсоткөн. Комсомолецтер менен жаштарды “Ат жетпес” деген жерге жол салууга, танка колоннасы үчүн акча жана темир-тезек чогултууга уюштуруу ишинде Керимбек өзүн иш билги кызматкер катары тааньггат. Өндүрүштүк пландарды аткарууну ал башкы милдет катары эсептеп, мына ушул милдетти чечүүдө гана адамдын адам экендиги көрүнүүгө тийиш деп түшүнөт. Анын жөнөкөйлүгү, эл менен тил табыша ала турган элпектиги ар кандай турмуштук кырдаалдарда, адамдарга жасаган мамилелеринде ачылат. Бирок Керимбек автордун элестетүүсүндө эч бир кынтыксыз каарман эмес, айрым мүчүлүштөрдүн анда да бар экендиги романда ачык сүрөттөлгөн.

Романдын “Жаш жүрөктөр” аттуу экинчи китебинде башкы каармандардын бири Күлжан. Ал биринчи китепте анча корүнбөйт.

Автор анын ишке тьгкан, сүйүүгө туруктуу, бир сырдуу сулуу кыз экендиги жөнүндө гана айрым эпизоддордо үстүртөн баяндап өткөн. Айрыкча Керимбек экөөнүн сүйүү мамилелеринин жандана башташы окуучуну кызыктырчу. Ошентин жүргөн кезде Керимбек фронтко кетти да, Күлжанга эми мурдагыдан да көбүрөөк жоопкерчилик жүктөлө баштады, мындайча айтканда, Керимбектей жигиттер бүткөрө турган иштерди эми Күлжандардын аткарышы зарыл болуп калды. Романдын экинчи китебинде автор Күлжандын дал ошол эмгек майданындагы күжүрмөндүүлүгүн ачууга көбүрөөк көңүл бурган. Совхоздун алдында Суусамырга мал кыштатууну уюштуруу чоң проблема болуп турган. Дал ушул маселени уюштуруп, ийгиликтүү чечүүдө Күлжан көрүнүктүү ролду ойнойт. Ошону менен бирге ал өзүнүн зоотехниктик кесибине байланыштуу да көп иштерди аткарат. Күлжандын мындай ишмердигин көрө албай, аны ушактап жаманатты кылууга да аракеттер жасалат. Бирок анын баарын Күлжан жеңип чыга алды.

Иван Петрович менен Яровойдун чоң тажрыйбалуу. такшалган жетекчилер экендигин автор биринчи китепте эле кабарлаган болучу. Бирок алардын ошол сапаттары, конкреттүү йштери, кыпмыл-аракеттери аркылуу толук көрсөтүлбөй калган. Бул мүчүлүштөр экинчи китепте кыйла оңдолгон. Мисалга Яровойдун өбразын алып көрөлү. Ормушту Керимбектин өрдуна коюу жөнүндө Иван Петрович сунуш киргизгенден тарта аны андан ары өстүрүп, партиянын катарына өткөрүп, такшалган кызматкердин деңгээлине чейин жеткирүүдө Яровой саясий бөлүмдүн баплчысы катары көп иштерди иштейт. Күлжанды сүйүп калып, бирок анын жактырбаганын билген соң, ишке тоскоолдук кылууга аракеттене баштаган Мурат аттуу мактанчаак жигиттин жаңылыштыгын түшүндүрүп, Күлжандын Керимбекти сүйө тургандыгына аны ишендирип, туура жолго салууда да Яровой чоң роль ойнойт. Мындайча айтканда, коомдук өндүрүштүк иштерден тышкары жеке, үй-бүлөчүлүк маселелерге кийлигишип, таалим-тарбиялык жумуштарды убагында аткарган Яровойдун образы да романдын экинчи китебинде бир топ ачылып берилген.

Булардан тышкары романда кыйла чыйрак түзүлгөн образдар бар. Алардын катарына согуш учурундагы шартка жараша тез жетилип, совхоздун өндүрүшүн тез колго алууга өтүшкөн Ормуш, Зулай, Өмүш, Бүбүш сыяктуу жаштардын образдарын көрсөтүүгө болот. Автор буларды өсүү, жетилүү процессинде элестетүүгө аракеттенген. Романда кемчиликтердин бар экендигин да эскерте кетүүгө туура келет. Автор өндүрүштүк сценаларды, чогулуштарды бир топ билгичтик менен сүрөттөйт да, каармандардын ички дүйнөсүн ачууга келгенде ошол темпти солгундатып коёт. Жалпысынан чыгармада көркөмдүк жагынан купулга толбогон жерлер да кездешет. Автор бир жерде абдан эргип, каармандын мүнөз өзгөчөлүгүн ачууга тереңдеп кирип барса, экинчи бир жерде анчы мааниге ээ болбогон майда-барат көрүнүштөрдү узак сүрөттөөгө жол берип коёт.

“Жаш жүрөктөр” романын жазып жүргөн жылдары эле жазуучу аңгеме, повесть жанрларында иштөөнү да кошо улантып, 1951-жылы “Жаш муундар” повестин, 1952-жылы “Бекем достук” аттуу аңгемелер жыйнагын, 1953-жылы “Сагын” пөвестин жарыкка чыгарат. “Жаш муундар” повестинде автөр кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кесипчилик окуу жайынын окуучуларынын турмушун көрсөтүүгө кайрылган. Ошол эле тарбия темасы, айрыкча үй-бүлөдөгү жана коллективдеги тарбия иштеринин эриш-аркак келиш зарылдыгы “Сагын” повестннде да сүрөттөлгөн. 1955-жылы Н. Байтемиров “Акыркы ок” романын жарыялады. “Роман колхоздошулган социалисттик чарбаны өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган душмандар менен ак ниет кохөз адамдарынын ортосундагы айыгышкан күрөштү, натыйжада коллективдешкен чарбанын мүчөлөрүнүн душмандарды талкалап, колхозду андан ары чыңдай баштагандыктарын көрсөтүүгө арналган. 1958-жылы романдын оңдолгон, толукталган жаңы редакциясы жарык көрдү. Романдын биринчи варианты жөнүндө адабий сында бир катар олуттуу пикирлер айтылып, анда чыгарманын үчүнчү бөлүмүнүн артыкбаш экендиги, башкы каармандардын образдарынын жеткиликтүү ачылбай калгандыгы көрсөтүлгөн. Автор кийинки редакциясында . бул сын пикирлерди эске алып, романдын үчүнчү бөлүмүн алып таштап, башкы каармандар Барпы менен Ышкынаалынын образдарын кеңири жана толук кылып, ар тараптан бышырууга аракет кылган. Мүнөздөрдүн кылыптаныш процессин толугураак элестетиш үчүн автор рестроспективдик сүрөттөөлөрдү көбүрөөк пайдаланган.

Романдагы окуялардын басымдуу көпчүлүгү Барпынын алдыртан жүргүзгөн кытмыр иштерине байланышгуу сүрөттөлөт. Барпы манаптын тукуму. Киши өлтүрүп, жалган документ аркылуу изин жашырып, анан жер которуп келип, эпчилдик менен көлхоздун башкармалыгына чейин көтөрүлүп алган адам. Анын канына эскини көксөө, ал үчүн кантсе да өч алып калуу керек деген ыплас ой биротоло сиңип калган. Ошон үчүн ал сыртыиан жылтылдап эл кишиси өндөнүп көрүнүүгө аракет кылган менен, ичинен колхоз чарбасын бүлүнтүп, анын алдынкы адамдарын жок кылуу амалын ойлойт.

Роман тап душмандарынын жеңилишин көрсетүү менен аяктайт, тоо арасында жашырынып жүргөн Түлөберди акыры колго түшүүгө, Барпы акыркы огун өзүнө жумшоого аргасыз болушат. Мына ушул драматизмди күчтүү окуялардын реалдуулугуна жетишүүдө автордун бир кыйла изденгендиги, мурдагы романына караганда бир кылка сүрөттөөгө жетишүүгө умтулгандыгы байкалып турат. Бирок каармандардын психологиясына терең сүңгүп кирип, алардын образдарын ачууда турмуш чындыгын урунтуу, эң керектүү көрүнүштөрүн тандап алуу жагында автордун дале болсо мүчүлүштөргө жол берип койгондугун көрөбүз.

“Акыркы ок” романынын экинчи редакциясына удаа эле Н. Байтемировдун “Жылдызкан" романы жарыкка келди. Чыгарманын атынан эле байкалып тургандай, мында автор жеке адамдын тагдыры жөнүндө сөз козгойт. Ал эми соңиалисттик коомдо жеке адам коллектив менен ажыралгыс бирдикте карала тургандыгы белгилүү. Романдын башкы каарманы Жылдызкан кичинекей кезинен тартып сүрөттөлөт. Анан аз-аздап пахта теримине катышып, ак эмгегинен мактоо сөз угуп, элдин оозуна алына баштагандан тартып Жылдызкан озүнүн келечеги, турмуштук орду, тагдыры эмгек менен ажыралгыс бекем болуп калгандыгын уламдан-улам ачыгыраак түшүнө баштайт. Романда Жылдызкандын мүнөзүнүн өсүш эволюциясы кыйла реалдуу сүрөттөлгөн. Москвадагы айыл чарба көргөзмөсүнө барып келгенден кийин Жылдызкандын турмушунда жаңы бурулуш башталат. Мурда ал көбүнчө өзүнүн эмгектеги ар-намысы жөнүндө гана көбүрөөк ойлонсо, эми бригадир болуп иштегенден тартып ошол өзү башкарган кичинекей топ жөнүндө ойлонуп, анын эмгектеги ийгиликтерин камсыз кылуу аракетине өтөт. Буга кошумча алоолонгон жаштык курактын өзү да кыздын табигый туйгуларын, жүрөк кылдарын күүгө келтирип жатты. Акунжан деген жигит ага сөз айтып, артынан калбай көлөкөдөй ээрчип алды. Автор Жылдызкандагы сүйүү сезиминин ойгонуш эволюңиясын ынанымдуу сүрөтөөгө да бир топ далалат кылган. Мурда агасынан запкы жеп, басынып, чүнчүп жүргөн жаш кызда сүйүү деген сезимдин кандай экендигинен эч кабары жок эле. Ошондуктан, Акунжандын “күйөм”, сүйөм” деп жалбарган сөздөрү адегенде ага эч кандай деле таасир этпеди. Ал сезим Жылдызканда акырындап ойгонду. Бирок эки жаштын тилеги оңой-олтоң эле ишке аша койгон жок, ага бир кыйла тоскоолдуктар да болду.

Артта калган “Алга” колхозуна башкармалыкка дайындалган Жылдызкандын иш аракеттерин көрсөтүү аркылуу автор анын уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн, ишке берилген жетекчи экендигин, эл менен тил табыша билген адамгерчилигин кеңири ачып, образды жаңы баскычка көтөргөн. “Алга” колхозунун пахта планы толбой, экономикасы начарлап кеткен чарба эле. Аны оңдоо, жөнгө салуу көп күч-аракетти талап кылды. Жылдызкан адегенде эмгек тартибин жолгө салууга, элди эмгекке кызыктырууга бардык күчүн жумшады. Мында ал алдыңкы, ак ниет колхозчуларга таянды, ар бир адамдын кулк мүнөзүн үйрөнүп, ошого жараша мамиле кылууга аракеттенди. Чыгармада Жылдызканды карапайым, жупунулугу менен бирге, олуттуу иштерге келгенде анын принңипиалдуулугу да реалдуу көрсөтүлгөн. Кыскасы, анын күрөш жолу, кыйынчылыктарды жеңе билген ишмердиги кыйла ынандырарлык жазылган.

Романда Жылдызкандын энеси Эркекыздын образы да сүймөнчүлүк менен түзүлгөн. Жылдызкандын агасы Татыбек татаал мүнөздөгү адам катарында алынган. Ал адегенде жалкоо, адамгерчиликтен безген, өрой, зөөкүр жигит болуп сүрөттөлөт. Ошөл терс сапаттары менен Татыбек энесин, карындашын көп жолу кейитип, бушайман кылат. Агасынан корккон Жылдызкан көп жолу мүрзөгө, иттин жанындагы саманга түнөйт. Ошондой оңой менен оңолгус Татыбек жазуучунун “сыйкырдуу” калеми менен бат эле жакшы адам болуп чыга келет, Мындай сүрөттөлүш окуучуну анчалык ынандырбайт. Анткени Татыбек көбүнчө автордун эрки боюнча гана кыймылга келип, каалаганда бузулуп, каалаганда оңолуп, чындыктын логикасына анча баш ийе бербейт. Мына ушул жагынан алганда каармапдарды бир беткей ак, же кара боёктор менен көрсөтүү бул чыгармадагы кемчиликтердин бири деп адабий сында айтылган пикирлерде чындык бар. Татыбектей адамдардын турмушта болушу төлук мүмкүн. Кеп андай адамдардын мүнөзүндөгү, түшүнүгүндөгү өйдө-ылдыйлыктарды, өзгөрүүлөрдү жеткиликтүү мотивировкалап, ишенимдүү ачууда турат.

Көркөм адабият турмуш чындыгын бир аз чоңойтубураак, көтөрүңкүрөөк деңгээлде сүрөттөөгө, эмоңиялуулугун артырууга жол берет. Атүгүл, шарттуулуктун (шарттуу ыкмалардын, шарттуу образ-символдордун, шарттуу сүрөттөөлөрдүн) болушу да толук мүмкүн. Элдик легенда, миф, фантазиянын да колдонулушу өз ордун тапса, алар образдарды ачууга, жазуучунун ой-максатын жеткиликтүү кылууга кызмат аткармакчы. Бирок мунун баары чыгарманын реалисттик негизин чыңап, анын ишенимдүүлүгүнө шек келтирбегендей деңгээлде, табигый түрдө орун алууга тийиш. Н. Байтемировдун элүүнчү жылдардагы чыгармачылыгында ушул касиеттер кээде жетишпей калчу, каармандардын реалдуулугун, ынанымдуу образ катары кабыл алыиышын камсыз кыла албай калган учурлары да кездешкен. Адабий сында жазуучунун “Киши кийик”, “Табылган дептер” аттуу чыгармаларындагы терс образдардын жасалмалуу болуп калгандыгы туура көрсөтүлгөн.

Н. Байтемиров кийинки чыгармаларында андай кемчиликтерди четтетүүгө аракеттенди. Буга 1966-жылы жарыкка чыккан “Тарых эстелиги” романы күбө. Бул чыгарманы жазуу үчүн автор көп даярдык көргөн. Уркуя Салиева жөнүндө тарыхый роман жазыш үчүн архивдерден тышкары, ошол мезгилди билген адамдардын көбү менен аңгемелешкен. Уркуя Салиеванын Сөвет бийлиги үчүн жүргүзгөн активдүү күрөшүнө каршы чыккан душмандар аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. “Кызыл Кыргызстан” газетасынын 1934-жылкы 17-февралдагы санына Борбордук Атактуу Комитетинин мүчөсү Уркуя Салиева менен анын күйөөсүнүн тап душмандары тарабынан өлтүрүлгөндүгү жөнүндө некролог жарыяланган. Бул некрологго Уркуянын сүрөтү да кошо берилген. Ошол эле санда Уркуянын өлүмүнө байланыштуу Фрунзедеги механика заводунун коллективинин тап душмандарына каршы протести, эпкиндүү колхозчу аялдардын республикалык 1-слётуна катышкан делегаттардын жалпы элге кайрылуусу басылган. Ошентип, Уркуянын аты өтузунчу жылдары жалпы коомчулукка кеңири белгилүү болгон. Бирок мезгил өткөн сайын ал иштер тарыхка айланып, ынгайлуу шартка жараша гана эскерилип турган. Н. Байтемиров ошол окуяга кайрылды да, аны ар тараптан үйрөнүп, тарыхый чындыкты көркөм чындыкка айландырууга бел байлады. Көркөм чыгарманын тили жана көркөм фантазиянын күчү менен тарыхтын фактылары кайрадан жанданып, күндөлүк турмуштун агымына кошулуп, активдүү күчкө айланат. “Тарых эстелиги” романы чыккандан кийин Уркуя Салиева тарыхтын кызуу уйкусунан ойгонуп, кайрадан биздин катарыбызга туруп, адамдарды тарбиялоо ишине кызмат кыла баштады.

Уркуяны автор чыгарманын башталышында эле элпек, шамдагай, оөкаттиричиликке бышык, кеп-сөзгө сергек, ой-жүгүртүүсү чыйрак кыз катарында көрсотөт. Озү билген, өзүнүн көзү жеткен ишке калганда өткүр, курч, тайманбаган ачыкгык жайы бар экендигин да автор бир катар эпизоддордо көз алдыга элестетет. Ошону менен бирге турмуштук тажрыйбасы жарды, али көп нерседен түшүнүгү азыраак кыздын акырындап такшала баштаган процессин да ачык көрсөткөн. Башынан Уркуянын атасы Жумабайды эзип келген Ажынын ашынган куу, митайым экендиги, кези келсе жылан болуп ышкырып, уусун чачары романдын экинчи бөлүмүндө эле айдан ачык сүрөттөлгөн. Ошол Ажы бир күнү Жумабайдын Эчкисинин мүйүзүн ыргыта чаап, Жумабай: “Бул эмне кылганын?” деп барса, кайра аны күнөөгө жыгууга аракет жасайт. Ал айыл кеиешинпн кагчьгсы болуп алган өз кишиси чел көз жипггке Жумабай балта алып мени өлтүрмөккө келген дедирип акты жаздырып, өпузага алдыра баштайт. Бул окуяга Уркуя кийлигишип: “Актыга бармак баспагын, биздин күнөөбүз жок" деп, атасына болушаг. Уркуя кчгг бплген киши издеп, эшикке чыгып кеткенде, чел кез жигит Жумабайды азгырып аны Ажыдан кечирим суроого макулдатып коёт. Жумабай улагын сокзп, Ажыны чакырып коноктоп, андан кечирим сурайт. Бул окуянын ушундай бүтүшүнүн туура эмес экендигин дилинде сезип турса да, Уркуя бу саам атасынын эркине каршы тура албай балалык деңгээлинде кала берет. Сүйгөн жигити Колдошко болгон адилетсиз мамилелерди байкап, эзүүчүлөрдү жек көрүүсү ого бетер күчөйт. Ажынын эки жүздүү душман экендигине кезү биротоло жеткенден кийин, ага Уркуя келишпөөчүлүк менен мамиле кылат. Түштүк Кыргызстанда жер-суу реформасы ишке аша баштаган мезгилде Ажы алдын ала Уркуянын энеси Бүбүканды бал тилге салып макулдатып, ага өзүнүн жеринин бир бөлүгүн ыйгара салат да, жерди алуу жөнүндө маселе козголгондо эчтемеси жок кедей сыяктуу көрүнгүсү келип жанталашат. Мына ушул жерде Уркуянын чечкиндүүлүгү, тап душманынын айла-амалын билген баамчылдыгы ачык көрүнөт. Ал энесинин алданганын түшүндүрүп, Ажынын бетин ашкерелөө үчүн активдүү күрөштү жүргүзөт. Мындай чечкиндүүлүктү Уркуя чел көз жигитти комсомолдон чыгартуу үчүн сунуш киргизип, анын тап душмандарынын өкүлү экендигин далилдеп бергенде да көрсөтөт. Сүйгөн жигити Колдош менен болгон ачык-айрым мамилесинде да ал өзүнүн эскичиликтен кол үзгөн адам экендигин таанытат. Кыскасы, Уркуянын таптык аң-сезиминин курчуп, тап душмандарына каршы чечкиндүү күрөшкө багыт алгандыгы, ошондой эле анын турмуштук активдүү позициясынан биротоло калыптаныш процесси жазуучу тарабынан кылдат сүрөттөлгөн.

Уркуя жаңы доордун жаңы адамы. Жазуучу дал ушул жаңы адамдын акыйкаттык, эркиндик, теңдик үчүн кан-жанын аябай күрөшкөн чечкиндүүлүгүн ачып берүү менен адабиятыбызга дагы бир мыкты образды алып келди. Уркуянын күрөшү жеке керт башынын, же өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн күрөш эмес. Ал кылымдар бою эзилип, жанчылып, жедеп басынып, чүнчүп келген карапайым, караңгы адамдын жаңы турмуштун жолуна түшкөн мезгилинде тап душмандарына алдатпай көздөрүн чоң ачыш үчүн күрөшөт, анткени алардын ичинде баштагы байлардын, бийлердин “бал тилине” алданып кеткендер да бар эле. Ошондуктан, Уркуя көптүн иши үчүн күйүп, көпчүлүктүн камын көрүп, колхоздун председатели, айыл кеңешинин төрагасы катары жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарууга бардык күч-аракетин жумшайт. Ачка отургандарга ез үйүндөгү ченелүү тамак-ашын бөлүшүп, эл үчүн кам көрүүнүн асыл сапатын көрсөтөт.

Отузунчу жылдардагы кыргыз коммунисттеринин мыкты саппаттары романда Уркуянын образы аркылуу жакшы элестетилген. Уркуянын коммунистгик бийик деңгээли айыл кенешинин төрагасы Эшматтын, обкомдун уполномочени Бактыбаевдин, райкомдун уполномочени Үсөновдун чүмбөттөлгөн жүздөрүн ашкерелөөдө айрыкча ачык көрүнөт. Кой терисин жамынып, эпчилдик менен бийлик органдарына өтүп алып, колхоз түзүлүшүнө каршы тымызын иш жүргүзүп жаткан эки жүздүүлөрдүн бетин ашкерелеп, жеңишке жетишүү, ал жылдары оңой-олтоң эле жүзөгө ашып жаткан эмес. Өзү аралашып, байкап, көзү жетип турган Эшматтын былыктарын ачып, ага каршы күрөшүү Уркуя үчүн алда канча жеңил болду. Бул күрөштө ал элге, өзүнүн ишенимдүү адамдарына таянды. Ал эми областтан, райондон келген өкүлдөр: Бактыбаев менен Үсөновго (айрыкча Бактыбаевге) каршы туруу, алардын акыйкатсыздыгын далилдөө чынында да кыйыныраак болучу. Бирок Уркуя убактылуу жеңилүүгө басынып калган жок. Болгон ишти бүт бойдон убагында жогору жакка билдирип, ал жактан келген комиссия Уркуяны кайра өз ордуна коюп, күнөөлүүлөрдүн жазасын берди. “Чындык ийилет, бирөк сынбайт” дегендей, Уркуянын иши, күрөшү убактылуу ийилген менен, акыры биротоло женишке жетүү менен аяктады. Анткени, коммунисттин күрөшү элдин мүдөөсү, кызыкчылыгы үчүн багытталган эле. Ошон үчүн анын жеңишке жетиши толук табигый мыйзам ченемдүүлүк болучу. Уркуянын түпкү максаты орундалгандан кийин анын тап душмандарынын калдыктары тарабынан өлтүрүлүшү жалпы элдик иштин жеништүү кадамы үчүн кылдай да бөгөг боло алган жок.

Ромапда Уркуядан башка да ачык түзүлгөн образдар бар. Алардын катарына Уркуянын атасы Жумабай, энеси Бүбүкан, күйөөсү Колдош, колхоздун паргоргу (кийин башкармасы) Гайвалы, бухгалтер Хашив жана Акмат, Мамаша, Камбарниса Күлайымдар кирет. Жазуучу кээде бир эле жолу кирип чыккан каармандардын да инднвидуалдуу мүнөз өзгөчөлүгүн кармап калууга жетише алган. “Мени комсомолгө алгыла” деп маселени кырынан коюп жатып алган аты жок карыянын образы ага ачык мисал.

Уркуянын образы аркылуу автор жетекчи адамдын (асыресе жетекчи кызматтагы аялдын) коомдук турмушта жана үй-бүлөдө өзүн кандай алып жүрүү керек экендиги жөнүндөгү дагы бир орчундуу маселени козгогон. Уркуя сыртта кызматта жүргөндө эл камы үчүн күрөшкөн принципиалдуу, чечкиндүү коммунист, ал эми үй-бүлөсүндө мээримдүү эне, жароокер жар. Туугандыкты да, жолдоштукту да кадырлай билет. Бирок өзгөрүлбөс бир нерсе бар. Ал кайсы гана жерде болбосун, ак ниет, акыйкат, таза адам бойдон кала берет. Уркуянын адамдык асыл сапаттарынын ичинен айрыкча жалындуу революциялык деми кайнап турган өткүрлүгү, чечкиндилүүгү, сезгичтиги жетектөөчү планда көрсөтүлгөн. Уркуянын образы чынында да үлгү болорлук мыкты коммунисттердин тибине кирет. Романдын идеялык-эстетикалык баалуулугу, таалим-тарбиялык мааниси да дал ушул Уркуянын образынын толук кандулуугу менен өлчөнүүгө тийиш. Албетте, чыгармада анчалык орчундуу эмес кемчиликтер да кездешет.

“Тарых эстелиги” романы көптөгөн адабий сын макалаларда жана окуучулардын пикирлеринде оң бааланды. Уркуяны өлтүргөн душмандарды соттогон кезде республиканын башкы сотунун мүчөсү катары ошол процесске катышкан эски юрист Ф. Тайгин бул роман жөнүндө минтип жазган: “Мен сынчы эмесмин, бирок карапайым окуучу катары жана романда сүрөттөлгөн көптөгөн окуялардын тирүү күбөсү катары Насирдин Байтемировду чыгармачылык ийгилиги менен чын жүрөгүмдөн куттуктап коюуну парызым деп билемин. Бул китеп жаш муундарды ... тарбиялоодо чоң мааниге ээ болмокчу”.

Окуучулардын суроолоруна берген жообунда Н. Байтемиров Уркуяны “өз ишин билген, өз ишинин келечегине терең ишенген күрөшчү” деп мүнөздөйт. Таамай айтылган мүнөздөмө. Дал ушул “өз ишинин келечегине терең ишенген күрөшчүнүн” образы Бишкек шаарында тургузулган “Революциянын каармандарына” аттуу скульптуралык эстеликке эн сонун чагылдырылды. Анын автору атактуу скульптор Т. Садыков ошол эмгеги үчүн Лениндик сыйлыктын лауреаты наамын алды. “Тарых эстелиги” романынын негизинде жазылып тартылган кинофильм бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Баарыдан да Уркуя темасына Н. Байтемировдун өзгөчө берилгендигин атайы белгилөөгө болот. Жазуучу бул материалга кайракайра кайрылып, “Уркуя” драмасын, “Уркуя” поэмасын жазды. Бир эле теманы ар түрдүү жанрдагы чыгармаларда ачуу тажрыйбасы көп эле кездешет. Н. Байтемировдун драмасы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында 1974-жылы ийгиликтүү коюлган. Сюжеттик тутуму жалпы жонунан үндөш болгону менен, драма романдан айырмалуу өз алдынча жазылган чыгарма болуп эсептелет. Бул жерде сөз жанрлык айырмачылык жөнүндө гана эмес, сюжеттик курулуштагы, образдарды трактовкалоодогу жаңы кырлар, шоанстар жөнүндө болуп жатат.

Драмада курч конфликтиге негизделген драматизм күчтүү окуялар гана тандалып алынган. Ал окуялардын өнүгүшү жана чечилиши романдагыдан айырмаланып турат. Драманын башталышында эле соода комиссиясынын төрагасы товарлардын наркын кыйкырып элге угуза айтып тура турган кишини сурап, өтүнүч кылганда Уркуя: “Мен айтып турам” деп, топтон суурулуп бөлүнүп чыгат. Романда мындай окуя жок. Драмада автор Уркуянын топтон суурулуп бөлүнүп чыккан эппзодун табуу менен анын революциячыл духтагы адам экендигинен дароо эле кабар берип, көрүүчүиү (окуучуну) дароо башкы каармандын кыймыл-аракетине кызыктырып коюп жатат. Драма мына ушундай жаны эпизоддорго бай. Анда ошондой жаны образдар да бар. Буга райкомдун, Мамайдын, Жолдоштун, Каратондун образдарын атап көрсөтүүгө болот.

Н. Байтемировдун “Санта” романында (1970) учурдагы интеллигент аялдын жеке өмүрүнө тиешелүү турмушу сүрөттөлгөн. Кырк жашка чейин күйоөгө чыкпай илимдин артынан жүрүп, профессор даражасына чейин жеткен Сантанын ички ой-санаасы, турмуштун бир жагынан жолу болсо да, экинчи жагынан жолу болбогон тагдыры бул чыгарманын негизги сюжеттик өзөгүн түзгөн. Сантанын жаш кездеги сүйүүсү бир чети турмуштук шартка, экинчи жагынан өзүнүн чечкиндүү эместигине байданыштуу туура жолго түшпөй, өкүттө калды. Энеси өлүп, атасы Бектеш согуштан азиз болуп кайтты. Санта сүйгөн жигити Биримкулга баш кошуу жөнүндө айтканда, атасы алар менен бирге турууну сунуш кылды. Бирок Биримкул, ал өтүнүчкө макул болбоду. Атасын кыя албаган Санта Биримкул менен кол үзүштү. Ошентип, жылдар өтө берди да, Санта өзүн илимге багыштап, ал жактан майнап чыгарды. Жаш улгайып, адам токтолуп, акыл-эси толгон сайын сүйүү сезимге караганда акылдын ишине айланып, анын чечилиши ого бетер татаалдашты. Сантанын ушул жеке турмушундагы ички кайрыктары менен бүтпогөн санаркоолору романда бир топ эле ачык жана жеткиликтүү сүрөттөлгөн. Ошентсе да, автор эмнегедир анын коомдук турмуштагы, илимдеги ээлеген ордун толук ачууга көңүл бөлгөн эмес. Ошол себептүү Сантанын образы көбүнчө бир тараптуу сүрөттөлүп, анын толук кандуулугу кемип тургандай элес кылат.

“Турмуш элеги” романын (1972) жазуучунун өзүнчө стилдик бөтөнчөлүгү бар, баяндоонун жаңыча лирикалык-романтикалык манерасы боюнча жазгандыгы адабий сында туура белгиленди (Садыков А. Бир жылдын прозасы // АлаТоо, 1973, № 7, 150-152-6.). Мында автор өз алдынча турган төрт бөлумдү (иКара көйнөк", “Ички кайрыктар”, “Жылан”, “Торгой”) бир каармандын басып өткөн өмүр жолундагы окуяларга бириктирип, адам тагдырынын өткөнү менен азыркысынын ажырагыстыгын, өткөнсүз азыркынын бийик мааниси ачылбастыгын эске салат. Карыя курагына келген Серкебай отуз жылдан ашык мезгилде бир колхоздо башкарма болуп иштеп туруп, эми пенсияга чыккан кезде башынан көп окуяларды көз алдына келтирет. Автор аны шарттуу түрдө алынган Өткөнчак аттуу каарманга жолуктуруп, анын шыкактоосу менен улам унутулуп окуяларды эске салып, кемтигин анын жардамы аркылуу толуктап жүрүп отурат. Окуучу Серкебайдын Октябрь Революциясына чейинки оор турмушунан, үркүн учурундагы, андан кийинки мезгилдеги, согуш убагындагы өмүр жолунан, үй-бүлөлүк, коомдук иштердеги баштан өткөргөндөрүнөн кабардар болот. Бирок бул жеке бир адамдын гана өмүр баяны эмес, анын омүрүнүн ылганып алынган урунтуу учурларынын картиналары аркылуу элестетилген коомдук турмуштун озгөрүү процесси жөнүндөгү баян болучу.

“Турмуш элеги” романы Негизинен окуган адамды көңүл кош калтырбай турган чыгарма. Анткени, анын жазылышы, стилдик ботөнчөлүгү окуялардын кызыктуу болушу үчүн жазуучунун бир топ изденгендигин айгинелеп турат. Ошону менен бирге романда Н. Байтемировдун адаттагы эргүүсүнүн чектен өтүп кеткендигине байланышгуу келип чыккан көп сөздүүлүк, майда-барат нерселерди ылгабай узартып сүрөттөй берүүдөн сырткары өз ордун анча таба албай калган сүйлөмдөр, апыртуулар жолугат, кыскасы, роман бир кылка жазылбай, анын өргө чыккан да, ойго түшүп кеткен да барактары аз эмес.

Дегинкиси “Турмуш элеги” романындагы Серкебайдын жана анын аялы Бурмакандын. ошондой эле Арукенин, Багыркулдун образдарын. алардын басып өткөн турмуштук жолун, өмүр, тагдырларын туура түшүнүү үчүн жазуучунун Москвадан орус тилинде жарыкка чыккан “Козголоңчу аял жана сыйкырчы" аттуу романын (1971) окуу зарылдыгы туулат. Мына ушул романда автор Серкебайдын мурдагы аялы Арукенин теңсиздик өкүм сүргөн замандагы коомго, адилетсиз бийлнкке каршы көрсөткөн протестин ачык жана элестүү сүрөттөй алган. Роман азыркы учурдагы карыя мугалим Арукенин езүнүн окуучуларына айтып берген кызыктуу өмүр баяны катары жазылган. Автор баяндоонун мындай формасына чыгармачылык менен мамиле жасап, ага өзүнүн жаңы табылгаларын кошо алган.

Эми романдын бири-бири менен тыгыз байланыштуу экендигин байкоо үчүн бир мисал келтирели: “Турмуш элеги” романындагы “Торгой” деген бөлүмдө автор Серкебайдын үйүнө Аруке байбиченин келгендигин сүрөттөйт. Арукени Серкебайдын кызы Рабия конокко чакырып келген болот. Бирок Арукенин келишин Серкебайдын аялы Бурмакан жактырбай күнүлөйт. Анткени Аруке бир кезде Серкебайдын сүйүп алган аялы болгон. Аруке мергенчи Токтор жасап берген күмүштөлгөн тумарын Серкебайдыкынан көрүп, аны ачтырып. өзүнүкү экендигин далилдеп, алып алат. Анан козу союлуп калганына карабай ал үйдөн кетип калат. Себеби, Бурмакан күнүлөп. Серкебайга жана Арукеге катуу-катуу сөздөр айтат. Бул эпизодду автор бир топ ынтаа менен жакшы сүрөгтөгөн. Бирок окуучу үчүн баары бир Аруке менен Токтор жөнүндө көп нерсе белгисиз бойдон кала берет. Ал эми бул экөө тууралуу кеңири маалыматты окуучу “Козголоңчу аял жана сыйкырчы” романынан гана алат.

,

Козголончу аял бул Арукенин жаш кези. Анын жаш кездеги өмүрү өтө татаал жана аянычтуу болгон. Он үч жашында Кашкоро байдын Жайнак аттуу дейдирээк баласына күйөөгө берилген. Сүйүү деген сезимди билген эмес. Батыркул байдын койчусу Серкебай менен жолугушуп, сүйүү дегенди алгач ошондо сезген. Кыскасы, “Турмуш элегиндегн”көптөгөн эпизоддорду, ошонун ичинде жогоруда Арукенин Серкебайдын үйүнө келиш эпизодун толук түшүнүү үчүн окуучу сөзсүз түрдө “Козголоңчу аял жана сыйкырчы” романы менен тааныш болуу керек. Ал эми бул роман бүткүл союздук окуучулар тарабынан жылуу кабыл алынган чыгармалардын катарына кирет. Роман немец тилинде (Берлинде) жарыкка чыккан.

Н. Байтемиров жалаң эле проза эмес, поэзия менен драматургияда да жемиштүү иштеген. Бирок эмнегедир анын акындыгы жөнүндө сөз азыраак айтылып келатат. Чынында анын чыгармачылыгында поэзия негизги орунду ээлейт десек аша чапкандык болбос эле. Акындын алгачкы ырлар жыйнагы “Жүрөк күүсү” 1955-жылы жарыкка чыккан. Андан кийин акындын “Сүйгөнүм” (1957), “Сыр” (Поэма, 1960), “Канаттуу күндөр” (1962), “Долон” (1964), “Эриген таш” (1969), “Махабат дастаны" (1975), “Махабат жазы” (1979), “Махабатым канатым) (1981), “Тандалмалар” (1988), “Махабат нуру” (1991), “Кылымдар деми” (1994), “Махабат элим, жерим, ата-тегим” (1996) сыяктуу көлөмдүү ыр китептери жарыяланды. Бул ыр жыйнактарга акындын бир катар поэмалары, драмалык поэмалары, либреттолору киргизилген. “Сүйгөнүм” жыйнагына “Талкаланган айнек” либреттосу жарыяланган. Бул либретто кийин автор тарабынан “Эненин жүрөгү” деген ат менен оңдолуп, ага С. Германов музыка жазып, 1963-жылы опера театрына коюлган. “Канаттуу күндөр” жыйнагына кирген “Акынга эстелик” поэмасы А. Осмоновдун өмүр жолунан алынып жазылган. Ал Алыкулдун образын поэзияда кенирирээк чагылдыруунун алгачкы аракети болучу. “Долон” жыйнагына автордун “Терек”, “Долон”, “Эне” аттуу поэмалары, “Эриген таш" жыйнагына 120 ыр жолунан турган 20га жакын поэма жана улуу акын Токтогулдун өмүрүнөн алынып жазылган “Булак” аттуу поэма-диалогу, “Махабат жазы” жыйнагына бир катар чакан поэмалар жана Уркуя Салиеванын Өмүр жолун элестеткен “Уркуя”, “Кылымдар деми” ыр кйтебине “Шабдан”, “Байтик” аттуу көлөмдүү дастандары киргизилген. Мына бул тизменин өзү эле Н. Байтемировдун лирикада гана эмес, эпикалык поэзияда да жемиштүү иштегендигин айгинелейт.

Н. Байтемировдун поэзиясы өзүнөн өзү төгүлүп, куюлуп, ээ-жаа бербей жээкти чапчый аккан кирген дарыяңы көз алдыга элестетет. Акындын кыялдануусу октос берген толкундай бнрде өркөчтөнүп, кубаттуу, күчтүү көрүнсө, бирде толукшуган денесин жыйырып алган көл шарпыны сыңары артка чегине берет. Мындайча айтканда, акындык стихиянын бир кылка эместиги ырлардан да, поэмалардан да ачык сезилет.

Өзгөчө акындын кийинки ыр китептерине көз жугүрткөн адам Н. Байтемировдун поэтикалык дүйнөсүнүн терендеп, масштабдуу тартып, ар түрдүүлөнгөнүн байкабай койбойт. “Төрт саптар", “Жыйырма төрт саптар” деген ыр түрмөктөрүн өзүнүн пөэтикалык изденүүсүнө чен сыяктуу кабыл алынгандыгын “Махабат жазы” ыр китебинен көргөн элек. Токтогул атындагы республикалык мамлекеттик сыйлыкка (1984-жылы) арзыган. “Махабатым канатым” аттуу жыйнакта акын бул ченди биротоло өзүнүн ыр түрмөктөрүнүн системасына айландырган. Рубаи тибиндеги төрт саптарда ал лирикалык “мендин” ой-дүйнөсүн, эргүү, кыялдануу мүмкүнчүлүгүн бүт бойдон ортого салууга аракеттенген. Философиялык, эстетикалык, дидактикалык мүнөздөгү бул ой-жүгүртүүлөрдөн адамга жакшы таасир калтыра турган көптөгөн ырларды окууга болот:

Кыргыздар мейман келсе кубанышат,

Түшүп кет, түнөп кет деп суранышат.

Үйүнө жылан сойлоп келсе дагы,

Сүт чачып, айран чачып чыгарышат.

Сулуулардын көркөмү карыбаса,

Сулуулардын кубаты арыбаса

Сулууларды кордогон адам сөрөй,

Жарыбаса, дегеле жарыбаса.

Сөздү да орду менен “деген” жакшы

Жакшылык чачууга ой кенен жакшы.

Курсакка батышынча шыкай бербей,

Ашты да ченем менен жеген жакшы.

Акын деген бала кыял эл болот,

Кээде тымып, кээде ташкын, сел болот.

Байыртадан эл көтөргөн акынды,

Элдин деми дөөлөт болот, бел болот.

Турмуштун колу катуу, колу жумшак

Жалпайта муштап кетет моюн сунсак.

Багынат чорбуланган аттай болуп,

Шарына шарпылдата чабак урсак.

Бул сыяктуу сезимге жабыша калган төрт саптар менен бирге, кээде чөнтөк дептерден сыртка чыгарууга болбой турган, же мурда айтылган белгилүү нерселерди жөнөкөй гана кайталаган саптар да кездешет. “Жыйырма төрт саптар” жөнүндө да ушунун эле өзүн айтууга болот. Кайсы бирлерди ойдун жаңылыгы менен, акындык эргүүнүн деми менен окуучуну өзүнө тартат, кайсы бирлери, тескерисинче, көп сөздүүлүгү, белгилүү ойлорду кайталагандыгы, же поэзиянын предметине коошпогондугу, майдалыгы менен сезимге анчалык таасир эте албайт. “Сен келгенде”, “Мөндүр түштү”, “Жоогазын” сыяктуу жыйырма төрт саптарды кайдыгер окууга мүмкүн эмес, окуучуну толкундатып ойго салбай койбойт. “Мөндүр түштү” деген ырында акын бөлөк акындар, бөлөк адамдар байкабаган бир турмуштук деталды поэтикалык көрөгөчтүк менен көркөм элеске түшүрө алган. Катуу мөндүр түшүп, машиналар токтоп, жалбырактар сабалып, ар нерсе, бир нерселер жабыр тартып жатканда бардык кыйынчылыкка чыдап, эне чымчыктын уясындагы жумурткаларын аман сактап калгандыгын сүрөттөө менен акын эненин зоболун дагы бир жолу көтөрүп өтөт.

Акындын 70-жылдардан берки поэзиясына көз чаптырганда башка кыргыз акындарынан айырмаланган көп өзгөчөлүктөрдүн ишке ашкандыгын Көрөбүз. Эң биринчи кезекте Н. Байтемиров махабат акыны катары башкалардан кескнн айырмалана алды. Махабат сезиминин мин түркүн кырларын. жашыруун сырларын ачуу менен. ал оз поэзпяеынын башкы каарманы катары Лиранын жалпылагыч көркөм образын берүүгө жетишти.

Акындын дээрлик көпчүлүк ырларына мүнөздүү дагы бир өзгөчөлүк алардын эмоциялуу жазылышы. Акындын ийгилиги да, айрым бир мүчүлүштөрү да дал ушул эмоциялуулукка байланыштуу. Эмоциялуулук жүрөк толкунунан, көрүнүштү бир башкача толкундануу менен кабыл алуудан, сөздүн оттуу, кубаттуулугунан, чыгармачылык эргүүнүн башкача бир сезимталдуулугунан жарала турган нерсе. Ал кээде акылга баш ийбей, аша чаап кетиши да мүмкүн, орунсуз болуп кабыл алынышы да ыктымал.

Ырас, акындардын баарына тең эле жөнөкөй адам байкас албаган нерселерди байкап, карапайым адам айталбаган сөздөрдү айта алуу мүнөздүү. Бул касиет биринде күчтүү, экинчисинде азыраак болушу мүмкүн. Акын Н. Байтемиров бул жагынан башка кыргыз акындарынан кескин айырмаланып турат. Ал мурда көп айтылган, көп жазылган чындыкты деле эч кимге айга албагандай бир башкача эмоциялуу деңгээлге жеткире жаза алат. Анын бул өзгөчөлүгү алгачкы эле ыр китептеринде ачык байкалган. “Долон” аттуу ырлар жыйнагына кирген “Мен эмнеге капамын?” деген эки строфадан турган ырын окуп көрөлү:

Жатып ичээр жалкоону деле адам дейт,

Жанбактыны, аңкоону деле адам дейт.

Башкалардай алар деле нан жейт

Суу ичсе боло!

Колдон талашкан ууруну деле адам дейт,

Киши өлтүргүч чуулууну деле адам дейт.

Тамактын таттуусун тандап алар жейт,

Уу ичсе боло!

Н. Байтемировдун “Ойлорум учкул канатым” деген ат менен берилген эки сап, бир сап, төрт сап ырлары чыгыш элдеринин акылмандуулугун, чыгыш элдерпнин классикалык поэзиясындагы даанышмандыктын үлгүлөрүн өз алдынча жакшы уланткан ойго бай, мазмунга терен мыкты ырлар болуп эсептелет.

Мен бирөөнүн тебетейин кийбеймин,

Мен бирөөнө жүгүнүп баш ийбеймин.

Ала-Тоомө асылганга асылам,

Ала-Тоомо тийбегенге тийбеймин.

Биздин жерде бизден артык күн көрдү,

Бизге тийди, биздин кызга үйлөндү.

Бирок араң жетимиш жылда орустар

Кыргыздардын “үшкүрүгүн" үйрөндү

Бир сынчы бар, бир акынга короочу,

Аны мактап, башка ойду тоноочу.

Үйү-жайын дайым үрөп кайтарып,

Тиги акын жүрсө дагы жолоочу

Акындын “Кылымдар деми” ыр китебиндеги “Сагындым”, “Жөл карап жүрдүм кыйла жыл”, “Жаңы кылым келатат” сыяктуу бир катар ырлары учурдагы турмуш чындыгын капитализмге өтүү учурундагы чындыкты чагылдырууга арналган. Өзгөчө “Калемпир, мурчу аралаш” деген ат менен жарыяланган төрт сап ырлардын беш жүз саптан ашуун түрмөктөрүндө акын капитализмге өткөн өткөөл мезгилдин турмуш чындЫгын бир кыйла таамай элестетип чагылдырган:

Талоон чыкты, талап жатат бардыгын.

Талкалашты казынанын сандыгын.

Карышкырча сүйрөп кетип жатышат,

Кайран элдин жыйган-терген байлыгын.

Заман өлдү, заман келди кутурган.

Эл элдигн, жер жердиги бузулган.

Үйдөн тышка чыгуудан да коркосуң,

Заман келди урөйүндү учурган.

Базар келди, базар ушу дейбизби?

Мына ушундай базар тушу дейбизби?

Этти койчу, нанга акча таппасак.

Каргыш тийген кара ташты жейбизби?

Убал болду кары-картаң, жалгызга.

Убал болду карары жок алсызга.

Байы байып, кулга айланып шордуусу

Үмүт, тилек айланды ээ каргышка

Кечээ эле иштеп жаткан бакылдап,

Үмүтү анын баатырлыкка жакындап.

Татынакай билими бар келиндер

Манту сатып калды ээ эми какылдап

Жазучу болду гезитке арыз-арманды,

Айла куруп кетиргенде арманды.

Бара турган эшиктер бүт бекилип,

Датың жетер эч ким калбай калганбы?

Өмүрүнүн акыркы жылдарында жазган Н. Байтемировдун поэзиясындагы дагы бир орчундуу өзгөчөлүк элдик поэзиянын салтын улантып, дастан, казал формасындагы чыгармалардын циклин жараткандыгы. Кыргыз поэзиясында биринчилерден болуп Шабдан, Байтик баатырлар жөнүндө көлөмдүү дастандарды, Сагымбай Орозбаков, Курманжан датка, Зууракан Кайназарова жөнүндө казалдарды жазды.

Н. Байтемировдун драматургиядагы эмгеги жөнүндө кеп козгоонун зарылдыгы туулганда “Уркуя”, “Күйөө”, “Ким күнөөлү?”, “Жолдо” аттуу драмаларынан тышкары баарыдан мурда ыр менен жазган либреттолору жана драмалык чыгармалары дароө эске түшөт да, мында да анын акындык дарамети көз алдыга келе калат. Алсак, “Эненин жүрөгү” либреттосундагы окуя Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өтөт. Токтобек согушка кете электе эле анын аялы Сыйнаканга колхоздун бухгалтери Самүдүндүн көзү түшүп жүргөн. Токтобек согушка кеткенден кийин Самүдүн Сыйнаканды алам деп бир топ далбастайт. Ортого Гүлайды (колхоздун кассири) салып, Сыйнаканды көндүрмөк болот. Бирок Сыйнакан көнө койгон жок, Самүдүн Гүлайды өлтүрүп, өзүнүн бетин биротоло ашкереледи. Өлдү деп угузган Токтобек согуштан келип, окуя Сыйнакан экөөнүн жеңиши менен аяктайт. Кыскасы, либретто Токтобек, Сыйнакан, Самүдүн үчөөнүн окуясынан турат. Либреттодо сюжеттик өзөк жана образдардын индивидуалдуулугу бир кыйла чыйрак иштелгенине карабастан, анда ушул эле маселелер боюнча да айрым кемчиликтердин орун алгандыгы ошол алтымышынчы жылдары эле басма сөздө туура эскертилген. Токтобектин энеси Чынар башкарма болуп иштеген аял. Либреттодо ал окуянын башталышында (Токтобек менен Сыйнакан баш кошкондо), анан эвакуацияланып келген балдарды бөлүштүргөн, Токтобекти өлдү деп угузган сценаларда көрүнот. Мындайча айтканда, “Эненин жүрөгү” деген агтагы берген мааниге тете окуялар Чынардын башынан өтпөгөндөй, ал эми, анын окуялары психологиялык жүгү жок үстүртөн гана катталган эпизоддордой элес калтырат.

“Адамдын аты” драмасы бир караган адамга өтө эле чектелген үй-бүлөчүлүк темасында жазышгандай. Чыңдыгында драмада нравалуулук, б. а„ адамдардын өз ара таза мамилелери жөнүндөгү актуалдуу маселе көтөрүлөт. “Адамдын атындагы” Ысраил ички дүйнөсү таза, боорукер, гумандуу, мамилеге туруктуу адам. Бүт өмүрүн окуучуларга билим берүү, аларды тарбиялоого жумшап, атүгүл үй-бүлөсүнө дайыма көңүл бөлүүгө да убактысы жетпей жүргөндүгү пьесада баеа белгиленет. Өзүнүн жандай көргөн досу, колхоздун бригадири Кочкор менен коңшу жашап. чыныгы адамгерчилик мамилесин аябай арнап келгендиги да пьесада ачык көрсөтүлөт. Тилекке каршы, адамдыи баары Ысраилдей эмес экен. Ошол эт-бетинен кетип сып. тап жүргөн Кочкөр досу Ысраил эки ай ооруканага жатып калганда, анын аялы Шарапатканды сыйламыш этип. тамагына нашаа кошун берип мас кылып, өзүнүн ыплас максатын ишке ашырат. Пьесадагы эпизоддор боюнча алып караганда Кочкор Шарапатканды Мажнун болуп сүйгөндүктөн эмес, убактылуу кумарпоздуктун максатын көздөгөндүктөн ошентти. Анын “сүйөм”, “күйөм” деген сөздөрүнүн жасалма экендиги Шарапаткан менен болгон диалогунан ачык сезилпп турат. Ошондоп эле Шарапаткан да аны биротоло сүйүп калгандыктан бузулуу жолуна түшкөн жок. Өзүнүн жанылгандыгын күйөөсү Ысраилге ачык айтып, өзүн өзү жекгеди. Пьеса Ысраил кууп жиберген Шарапаткандын кайра ага кайтышы менеи аяктайт. Кыскасы, үй-бүлө ынтымагына жарака кетирген негизги кесепет Кочкор экендиги пьесада бир кыйла ишенимдүү көрсөтүлгөн. Пьесада почточу менен Кочкордун иниси Ысмандын образдары да ак ниеттиктин жана адамдын аң-сезиминин адалдыкка карай багыт алышынын кубаттуу күчүн элестете алат. Адам деген агты таза сактоо, досуна, сүйгөн жарына, кызматына, элине, мекенине, өзүнүн ар-намысына таза мамиле кылуу баарынан ыйык, баарынан улук нерсе экендиги пьесада үй-бүлөлүккө байланыштуу кагылышгарды көрсөтүү менен дурус ачылган.

Н. Байтемировдун “Аста-секин, колукту!” музыкалуу комедиясы учурдагы жаштардын тунук сүйүүсүн даңазалаган, кээде кездеше калуучу эски калдыктын саркындыларын, айрым терс көрүнүштөрдү жеңил күлкү менен ашкерелеген дурус чыгарма. Бул комедияда катышкан каармандардын ар кимисинин өз алдынча образы бар, алардын индивидуалдуу мүнөз өзгөчөлүктөрү жакшы ачылган, персонаждардын бири экинчисине окшобойт, баарынан кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөзү өз ордунда, артыкбаш, ишенимсиз жасалма эпизоддор жок сыяктуу. Кээ бир шарттуу кырдаалдар да эч кимди шекшинтип, күнөм санатпайт, көркөм сюжет маселеси кыйла чыйрак иштелген, окуялар жыйынтыктуу.

Комедияда Маркабай молдонун, анын байбичеси Барсананын учурдагы шарткка анча шайкеш келе бербеген түшүнүктөрү, аракеттери күлкүгө алынат. Экөө уулу Саламатка өз үйүндө жүргөн жээни Зыяданы алып бермек болушат. Бирок Саламаттын мединститутту бирге бүткөн Гүлмира аттуу сүйгөн жары бар. Комедия бул экөөнүн баш кошуусу менен аяктайт. Шаардан чыккысы келбей, бекер оокатка көнүгг, чачы-башты коё берип, көчө таптап, шапар тээп бош жүргөнгө ык алып алган кээ бир эси жок жаштардын образын автор көпкөн кыз менен көпкөн уул Жоробектин кебете-кешпири, сүйлөгөн сөзү аркылуу жакшы элестеткен.

Комедиянын сөздөрү, ыр түрмөктөрү автордун калеминен эркин чыгып, кейипкерлердин ар кимисинин мүнөз өзгөчөлүкгөрүнө төп келип турат. Айрым майда-чүйдө мүчүлүштөрүнө карабастан, бул комедия автордун чыгармачылык ийгилиги болуп эсептелет. Комедияга музыка да жакшы жазылып (музыкасы Н. Давлесовдуку), ал опера театрынын репертуарынан туруктуу ордун ээлеп, кыргыз искусствосуна орчундуу салым болуп кошулду.

Акын 1996жылы дүйнөдөн кайткан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)