Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Насилов Дмитрий Михайлович

Насилов Дмитрий Михайлович (1935-ж. туулган), филология илимдеринин доктору, профессор, белгилүү түрколог жана чыгыштаануучу, Түрк лингвистикалык коомунун чет элдик мүчөсү. В. Ломоносов атындагы МГУнун алдындагы Чыгыш тилдер институтун аяктаган, лигвистикалык, түркологиялык багыттагы 220 ашык эмгектердин автору. 1958-1960 жж. Самарканд университетинде өзбек тили боюнча окутуучу, 1960-1963 жж. СССР ИАсынын Тил институтунда аспирант урада окуган. 1963-1993 жж. Ленинграддагы (Санкт-Петербург) СССР ИАсынын бөлүмүндө илимий кызматкерден Алтай тилдери бөлүмүнүн жетекчилигине чейин эмгектенген. Россиянын улуттар тилдери институтунда, 1996-ж. МГУнун алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрүнүн институтунда профессор болуп иштеп келет. Алтай тилдери, байыркы түрк тилдеринин жазуу эстеликтери, байыркы уйгур тили, өзбек тили, түрк тилдеринин салыштырмалуу грамматикасы, түркологияга киришүү ж. б. багыттагы дарстарды окуйт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)