Нарын участкалык солдаттар жана мусулман депутаттар советинин съезди

Нарын участкалык солдаттар жана мусулман депутаттар советинин съезди – Нарын аймагында Совет бийлигинин орношун аныктаган съезд. Маалыматтын жетишсиздигине байланыштуу бул аймакта жашаган жергиликтүүкалк Совет бийлигинин маанисин түшүнбөгөндүктөн, съездди өткөрүү үчүн Токмок шаарынан Ф. С. Дубовицкий баштаган 200 кызыл аскер келген. Алар 1918-жылы 3-апрелде элди шаардагы аянтчага чогултуп, анда жер-жерлерде жергиликтүүсоветтерди түзүү үчүн кырк кишиден турган депутаттар совети шайланган. Аягында съезддин атынан Убактылуу өкмөттүн жоюлганы, жаңы бийликтин орногону жарыяланып, Советтерди коргоо үчүн Нарын аймагында кызыл армияны түзүү тууралуу чечим чыккан. Куралдуу жоокерлерге каяша айтуудан корккон эл, көпчүлүк добуш мененанын чечимине макул болушкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)