Нарын козголоңу

НАРЫН КОЗГОЛОҢУ 1920-жылы ноябрда ак гвардиячылар, соодагерлер, бай-манаптар тарабынан уюштурулган. 1920-жылы августта Нарын шаарындагы кызыл гвардиячылар арасында кызмат өтөгөн офицер Кирьянов, соодагер К. А. Бондарев Совет бийлигин кулатуу максатында жашырын контрреволюциячыл уюм түзүп, козголоң даярдаган. Кирьянов 1920-жылы 5-ноябрда өзү башкарган бөлүк менен Атбашыны басып алып, 6-ноябрда Нарындагы 23-полктун батальонун куралсыздандырган жана кызыл аскерлердин командирлерин, саясий кызматкерлерди камакка алып, уезддик-шаардык партия комитетинин төрагасы Х. Мусабаевди, уезддик саясий бюронун төрагасы С. Орозбековду өлтүрүшкөн. 11-ноябрда Нарын уездиндеги бийлик толугу менен козголоңчулардын колуна өткөн. Нарын козголоңун басуу үчүн 13-ноябрда Токмок шаарындагы 2-өзгөчө полк жана 4-түркмөн полку жөнөтүлгөн. Алар козголоңчуларды 15-ноябрда Кочкордо, 19-ноябрда Долон ашуусунда талкалаган.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)