Нарын

"Нарын" (бешбармак) кыргыз калкынын эзелтен бери жеп келаткан эски, кадырман тамактарынан. Ал тууралуу жомоктордо, эпостордо жана элдик ырларда небир сонун фольклордук маалыматтар бар. Нарын - туураган эттен болот.

Ушул кезге чейин карыялар, туураган этти "нарын" дешет. Аны уйдун, жылкынын, топоздун, төөнүн, жандык мал менен кайберендин жакшы бышкан жаш жана сүр этинен майда туурап, шорпо, пияз, сарымсак кошуп жасайт. Нарынды көбүнчө жигиттер аткарат. Аны майда тууроо, албетте - конокту сыйлоо. Аларга эт жегизүү, тактап айтканда, нарын кылып берүү. "Нарын" - улуттук тамактын нак башы. Этти куш тилиндей майда туурап, чык кошуп, аралаштырып (чыктап), жегиликтүү кылуу.

Алашак деген нарын көбүнчө койдун жаңы этинен жасалат. Белек эттен жасаса да үстүнө койдун куйругун тууроо керек. Үстүнө куйрук туурап койгон үчүн алашак деп атайт - эл. Жакшы бышкан этти майда туурайт да шорпого көк калемпир, пияз, сарымсак туурап, калемпир-мурч сээп, чык жасап куюп аралаштырат. Койдун бышкан куйругун керте туурап, даяр нарындын үстүнө үймөлөп салып, дасторконго коёт. Алашак нарынга сөзсүз ак серке кошуп берүү керек.

Эски нарын - эски убакта нарынды бодо малдын жана кийиктин жалаң этинен көбүрөөк жасашкан. Азыр болсо ага аркыл коруш кошот. Коруш нарынды кош даам кылуу менен каллориясын арттырат. Аш болумдуулугун жакшыртат. Бодо малдын бышкан кара кесек этин нарын тартып май да туурайт. Шорпого тоо пияз, сарымсак туурап, чык жасап, бир кайнатып, тууралган эттин үстүнө куюп, аралаштырат да дасторконго коёт.

Нарын кылып жеште чыгын куюп, улуулата уурташчу. Бул тууралган этти жумшартуу үчүн куюлган сорпонун, желген эттен кийинки маңызы. Айрым аймактарда аш-тойлордо сорпону төгүп таштап, кургак эт жешет. Жандыктын эти менен бодонун этин табактап тартуунун айырмалары бар. Союш союлуп, конок күткөндө адегенде шорпо берип, устукан тартып, анан нарын берүү менен сый тамакты корутундулайт. Демек, алар бир сыйлуу дасторкондо болуп келген. Нарынды касаптан алган эттен да жасайт. "Нарын" жасоо негизинен окшош болгон менен аздыр-көптүр айырмачылыкка ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)