Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Наркоз

Наркоз — атайын дары менен борбордук нерв системасына таасир этүүдөн болгон жасалма уйкудагы абал. Мындай уйкуну электр тогу жана гипноз менен келтирсе да болот. Н-догу адам акыл-эсин жоготот, ооруну сезбейт, булчуң эттери бошоңдойт, рефлекстери басаңдайт. Н. убагында ооруу сезиминин жоголушу операция жасоого кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Аны организмге киргизүү жолуна жараша дем алуу жолу аркылуу, дем алуу жолунан тышкары берилүүчү жана электр Н-у болуп бөлүнөт. Дем алуу жолу аркылуу берилүүчү Н. ингаляциялык наркоз деп аталат. Н-дун бул түрүндө адамдын организмине Н-ду пайда кылуучу заттар ар түрдүү жолдор менен (жыттатуу же кекиртекке түтүкчө сойлотуу аркылуу) өпкөгө киргизилет. Өпкөгө кирүүчү наркоз каражаттары алдын ала бууга айландырылып, андан кийин кычкылтек менен бирге аппарат аркылуу жыттатылат.

Дем алуу жолунан тышкары жол менен берилүүчү Н. вена кан тамырына, булчуң этке, тери астына, көтөн чучукка куюлат. Азыр булардын ичинен вена кан тамырына жана булчуң этке куюу жолдору кеңири колдонулууда. Мындан тышкары атайын аппараттын жардамы менен электр тогун баш мээнин кээ бир участкаларына таасир этип «электр наркозун» пайда кылууга болот. Азыркы кезде Н-дун ингаляциялык жолу менен венага жиберүүнү айкалыштырган түрү колдонулат. Адегенде Н. заты венага куюлат, оорулуу уктагандан кийин атайын түтүктүн жардамы менен дем алуу жолуна жиберип, ингаляциялык жолго өтөт. Азыркы анестезиологиянын жетишкендиктери өпкөгө, жүрөккө, мээнин ири кан тамырларына татаал операцияларды жасоого мүмкүндүк берди. Наркозго колдонулуучу дары каражаттары.

Дем алуу жолу менен берилүүчү Н - до негизинен төмөнкү заттар колдонулат: Азот кычкылы (ЛГ20) — түссүз, жытсыз газ. Жогорку басым астында атайын темир баллондордо суюк түрүндө сакталат. Баллонду ачканда газга айланат. Денеге өпкө аркылуу киргизилет. Этил эфири—өзгөчө ачуу, дүүлүктүргүч жыттуу, түссүз суюктук. Жакшы күйөт жана жарылуу касиетине ээ. Ошондуктан азыркы убакта электр тогу менен иштөөчү аппараттар кеңири колдонулууда. Бирок эфир өтө күчтүү болгондуктан аны менен эч бир аппаратсыз эле терең Н. берүүгө болот. Н. убагында ооруу сезими түк сезилбейт. Фторотан — бул түссүз, жагымдуу жыттуу суюктук. Сырткы чөйрөнүн температурасы 0° Сден жогору болсо газга айланат.

Мунун таасиринен адам тез жана тынч уктайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)