Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Нарбото бий Ноорузкул уулу

Нарбото бий, Ноорузкул уулу (Нарбото нойгут) (XIX к.) — Кокон хандыгы тушунда жашап өткөн кыргыз бийи. Эл оозунда азыркы Баткен районундагы Согмент айылынын тургундары болгон манаш-тукум уругу (нойгут уруусу) бул инсандын урпактары экендиги жана бул айылдагы "Шейит-Бува" көрүстөнү мунун күмбөзү экендиги айтылып келет.

Нарбото бийдин өмүрү тууралуу, дегеле бул инсан тууралуу көпчүлүк маалыматтарды Согменттик манаш-тукум уругунун санжырасынан ж. б. у. с. фольклордук булактардан гана кезиктирүүгө болот. Нарботонун атасы Ноорузкул. Нарботонун өмүрүнүн көбү Кокон шаарында өткөн. Анын Коконго жакын Чарсу деген жерде өз каражатынан мечит курдурганы жана бул мечитте анын ысмы эгемендүүлүккө чейин жазылып келгендиги тууралуу али такталбаган маалыматтар бар. Нарбото Кашкарда киши колдуу болуп, намаз учурунда өлтүрүлгөн. Анын сөөгү Согментке алып келинип коюлган. Анын өлүмү шейит эсептелингендиктен, күмбөзү дагы "Шейит-Бува" деп аталып калган. Согменттиктер Нарботонун сөөгүн Кашкардан өз жерине алып келүү чарасын көрүшүп, муну аткаруучу топту Нарботонун кызы Жакевардын баштап баргандыгы жана ошондон улам эл арасында "Жакеварча жоксуңбу?" деген сөз калгандыгы айтылып жүрөт. Эл арасында бул кызынын ырчылык жөндөмү да айтылып, "Жакевардын кошогу" деп аталган Жакевардын атасына кошкон кошогунун төмөндөгүдөй айрым саптары да сакталып келет:

..."Кашкардан келген сабасы,

Букардан келген бабасы.

...Ак буудай нанын тиштеткен,

Кош мардикер иштеткен.

...Адиракоодон мал айдап,

Дуулайт элен бий атам..."

Нарботонун үч аялы, экөө кыргыз жана бирөө өзбек аял болгондугу айтылат. Кыргыз аялынын бири Кашкарда болгон. Нарботонун баатыр мүнөз жана ырчылык шыгы бар Жакевар атту кызы болгондугу белгилүү. Нарботонун үрүстөм аттуу бир тууганынын жана үрүстөмдүн уулу Газынын Кокон мамлекетинде бир топ мансаптуу кызмат орундарында иштеп өткөндүгү эл оозунда айтылат. 1915-жылы Газынын сөөгүн Нарботонун чебереси болгон Амирбек Алдаяр уулу Коконго жакын Сары-Коргон деген жерде коюлган жеринен Согментке алып келип, Шейит-Бува көрүстөнүнө койгон.

Нарботонун күмбөзүнө коюлган кыштардын бышыктыгы, анын кокондон алынып келингендиги тууралуу ойго түрткү болот. 2003-жылы бул күмбөздү Нарботонун кыбырасы болгон Маматкасым Амирбеков кайрадан оңдоп чыккан.

Бүгүнкү илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшү менен Нарбото бий Ноорузкул уулунун Кокон мамлекетинин ханы болгон Нарботого байланыштыруу жоромолдору чындыкка туура келбес экендиги такталып отурат.

Бир канча жылдар мурун Согментте жашаган жавай, кара моюн, кырсадак, манаш тукум, чынатан уруктарынын өкүлдөрү Нарботонун өмүр жолун жана ишмердүүлүгүн иликтөө максатында кеңеш куруп, муну ишке ашыруу үчүн бир нече адамдарды (М, Турсунбаев Эркебай ж. б.) дайындашкан. Бул иштин үстүнөн айрым аракеттер жасалып келип, бирок, ийгиликтүү натыйжа бере албагандыктан токтоп калган.

Учурда бул тууралуу Баткен Мамлекеттик университетинин окутуучусу, т. и. к. Авдинаби Кадыров иликтөө үстүндө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)