Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Наполеон Бонапарт (1769 -1821)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Наполеон Бонапарт (1769 -1821)

Бул адамдын башкалардыкынан өзгзчз тагдыры тууралуу көптөгөн роман, ыр, илимий эмгектер жазылган. Мурда эч ким билбеген артиллериянын кенже лейтенанты, Жер Ортолук деңизиндеги Корсика деген Францияга караштуу чакан аралда туулуп-өскөн бул адам болгону он чакты жылдын ичинде адегенде Франция республикасынын революциячыл армиясынын генералы болду, андан кийин 1804-жылы өзүн Франциянын императору деп жарыялады. Наполеон Бонапарт өтө жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган. Ал акылдуу, билимдүү, кайраттуу, чечкиндүү, аскер башчылык чоң таланты бар адам болгон. 1789-1794-жылдардагы Француз буржуазиялык революциясынын мезгилинде мындай адамдар республика үчүн абдан керек эле. Республиканын жетекчилери Наполеонду революциячыл Франциянын көп сандаган душмандарын талкалоого жарамдуу аскер башчы деп ойлошту. Бирок алар чоң жаңылыштык кетиришти, Наполеон атак-даңк үчүн жанталашып аракеттенген. Император болгондон кийин Наполеон революция жөнүндөгү ой-пикирлерди түп-тамырынан жок кылууга умтулду. Тирүү калган революционерлерди аёосуз жазалады.

Гезиттердин көбүн жаап салууга буйрук кылды. Анын империясында полициянын катаал көзөмөлү орноду. Наполеондун аскерлери эң чоң жана күчтүү делген армияларды жеңди. Наполеон Европа өлкөлөрүндө каалагандай кожоюндук кылды. Далай королдорду түшүрүп, далайларды дайындады, өзүнүн генералдарына бүтүндөй бир мамлекеттерди таратып берди, элге зор салыктарды салды. Наполеон француз өнөр жай ээлери менен соодагерлеринин мүдөөсүн көздөдү. Ал өзүнүн согуштарын Францияны улуу өлкө кылып даңкын чыгаруу, ага убай алып келүү үчүн жүргүзүп жатам деп баарын ишендирүүгө аракет кылды. Ошол эле мезгилде бул согуштарда жүз миңдеген француздар курман болуп жатты.

Чынында эле аскер башчы жана мамлекеттик чоң ишмер болгон Наполеон бүтүндөй бир элдин тагдырын каалагандай чече алам, ошондуктан эл менен эсептешпей койсо болот деп ойлогон. Бирок Наполеон өзүн дүйнөнүн кожоюнумун деп эсептеп калган чакта калайык-калктын кысымы астында анын бийлиги солгундай баштады. Мисалы, кечээ жакында эле өзү басып алып, инисин король кылган Испанияда элдик партизан кошуундары Наполеондун аскер бөлүктөрүн талкалоого киришти. Багындырылган өлкөлөрдүн калкынын наполеондук баскынчыларга каршы күрөшү Наполеондун империясын начарлантып алсыратты. Дүйнөгө үстөмдүк кылууга умтулган Наполеон зор аскер топтоп Россияга жүрүшкө аттанды. Орус аскерлерин атактуу аскер башчы М. И. Кутузов башкарды. Орус эли баскынчыларга каршы Ата Мекендик согушка көтөрүлдү. Наполеондун зор армиясы дээрлик бүт бойдон талкаланды. Россияга согуш ачар алдында Наполеон: Үч жылдан кийин мен бүткүл дүйнөнүн өкүмдары боломун...

Россия калды, бирок мен аны да тургус кылып жанчам - деп мактанган. Наполеондун чабуулу башталгандан бир нече ай өтпөй эле анын улуу армиясынын таш-талканы чыкты. 30 миңдей гана наполеондук жоокер Россиядан кайра кетти. 1812-жылдагы Россиядагы Ата Мекендик согуш душманды толук талкалоо менен аяктады. Европада Наполеондун үстөмдүгү кыйрай баштады, Россия менен болгон согуш Наполеондун тагдырын чечти.

Ал басып алган өлкөлөрдүн элдери да ага каршы күрөшкө чыгышты. Жеңилээрине көзү жеткен Наполеон тактан баш тартты. Ал Атлантика океанындагы Ыйык Елена деген кичинекей таштак аралга сүргүнгө айдалып, ошол жерде өлгөн.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4605, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо