Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нан жөнүндө уламыш

Баш барак | Жомок уламыштар | Нан жөнүндө уламыш

Илгери-илгери эгин эккен бир да дыйкан жок имиш. Ал убакта адамдар тегирмен эмне экенин да билишбептир. Нан озунон-озу бышып калчу экен. Бекерге конгон балдар нандан кээде топ жасап ойношчу болушат. Кай бирде нанды чалчык сууга ыргытып да салышчу экен. Тентек балдардын мындай жоругу дан аттуунун баарын аябай таарынтыптыр. Кундордун биринде буудай аларды чогултуп: - Мындан корокчо, коз корбогон бир аймакка кетели! - дейт. Ызаланган немелер баары буудайдын пикирин жакташат. Нан да тигилердин пикирине кошулат.

Убада боюнча бардык дандар, андан жасалган таттуу нандар кок денизди коздой жол тартышат. Эптеп ага жетсе, анын тубуно бекинип алышмак. Жолду эн улуусу - арпа баштайт. Нан тебселеп ойногон тентектер ошол тунде бейкапар укташат. Кадимкидей чак тушто ойгонушуп, беттерин жуубастан нан салган чыгданга чуркашат.

Мына кызык! Тентектин баары нан таппайт. Бадырак жейли десе, дан жок. Ошондо нан издегендерге чон эне мындай дейт: - Дандардын, нандардын бизден качып кетишине озунор куноолуусунор, балдарым. Силер кесир кылып, аларды кордобосонор, баары тен мурдагыдай ушул жерде болушмак. Эми эр болсонор нан таап коргуло. Тезинен жетип, Акыл чон атанардан эмне кылуу керектигин сурагыла. Акыл атага баруучу жол ото татаал эле. Арга канча зор кыйынчылык менен аны таап барышат. Балдардын келген себебин ата айттырбай билет.

Тентектерге ото нааразы экендигин айтат. Ачуусуна чыдабай тиштерин кычыратат. Ошондо балдардын коркконун айта корбо! Буулуккан чон ата бир оокумда мындай дейт: - Болор иш болду. Куноо озунордо. Бирок жакшылыктан умут узбойлу.

Баарыбыздын тагдырыбыз кок доботтун колунда. Балдар уккандарына тушунбой, бири-бирин карашат. Чон ата балдарга иттин жайын тушундурот. Дан жана андан жасалган нандын баары качкан туну Акыл чон ата менен кок добот гана ойгоо болучу. Кырсыкты дароо тушунгон чон ата кок доботту куугунга жоноткон.

Кок добот качкандардын артынан сая кууйт. Таманын таш тилет. Жетип-жетпей кыйналып барат. Акыры алдынан тосоордо, качкандар кок денизге жетип улгурушот. Болгону бир ууч гана дан ишенимин актап, сыйга татыктуу болот. Эстуу балдар жанылыштыгын моюндарына алышат. Эси жоктору баары бир тушунушпойт. - Эми, - деди чон ата, - ким эмгектенбесе, ага дан жок. Дан жок болгон сон, нан да жок. Ошол кундон тартып, адамдар дыйканчылыкты уйронуптур.

Ун тартып, нан жасаганды уйронуптуптур. «Нанды кордобогула, кесир болот», - деген накыл соз ошондон калган тура. «Жакшылыкка жакшылык, итти урбагыла»! - деген акылын Акыл чон ата биринчи ошондо айтыптыр.

Нан
Сары талаанын жүзүндө,
Буудай бышат күзүндө.
Жер ширеси даамында,
Күн иреңи жүзүндө.

Ал буудайга эгедер,
Баба дыйкан дегендер.
Ардакташат аларды,
Ак нанынан жегендер.

Бул дүйнөдө жер улук,
Жерди иштеткен эл улук!
Элин баккан нан менен
Баба дыйкан эр улук!
(Кудайберген Жуманазаров)

Буудай талаасы
Жайлоолор жашыл, карала,
Жай менен күздүн арасы.
Жакындап күзгө, албандай
Саргайды буудай талаасы.

Ак буудай бышып жайкалат,
Акырын жерге чайпалат.
Береги буудай талаадан
Береке, токтук байкалат.

Ак буудай чаап шартылдап,
Албалайт комбайн калкылдап.
Таңдайы катып комбайнчы
Тынганда самайт салкындап.

Аларды сыйлап кастарлап,
Алпарса суусун жаш балдар.
Алакан жайып астейдил
Алкашат эгин чапкандар.
(Сооронбай Жусуев)

Таштаба
Баба-дыйкан тер төгүп,
Эгин айдайт жазында.
Кара жердин кучагы
Түгөнбөгөн казына.

Бир баш буудай миң болуп
Кампа-кампа дан болот.
Тегирменге тартылып
Буркураган нан болот.

Бизде нан көп токчулук,
Ал жагына көнөмүн.
Бирок кээ бир балдардын
Жоругун жек көрөмүн.

Эч нерседен капарсыз,
Киет-ичет беленди.
Нанды ыргытат чала жеп,
Дүркүрөтүп денеңди.

Канча жесең жей бергин.
Бирок жерге таштаба.
Кесириңди тийгизип
Жаман жорук баштаба.

Кайра-кайра айтарым,
Нанды ысырап таштаба.
Нансыз сага жашоо жок
Жок жорукту баштаба.
(Абдылда Карасартов)

Нанды чачпа,
Бутуң менен баспа.
Жерде жатса алып,
Таранчыга ташта.

Нандан улуу тамак жок,
Адамдан улуу атак жок.

Нандын ысыгы жакшы,
Сөздүн бышыгы жакшы.

Адам болсоң нанды сыйла атаңдай,
Адам болсоң нанды сыйла апаңдай.
Байкабастан нанды жерге түшүрсөң,
Аны сезгин кечирилгис катаңдай.
(Ташмат Арыков)

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 21374, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо