Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Нан заводу

Нан бышыруу бир караганда жөнөкөй эле жумуштай сезилет, а чынында бул иш адамдардан канча эмгекти, канча билимди, канча тапкычтыкты талап кылбады! Адамдар нанды бир нече миң жылдан бери жасап келе жатышат, бирок наабайчылар (нан бышыруучулар) кечээ жакынга чейин эле камыр кандайча ачып, кандайча көбөөрүн билишкен эмес. Акыркы бир нече он жылда наабайчыларга илим жардамга келди. Дандын, ундун курамынын өзгөчөлүктөрү гана эмес, нан жабууга байланышкан бардык татаал процесстер изилденди. Алынган илимий жыйынтыктардын негизинде азыркы замандагы кубаттуу автомат - нан заводдорун курууга мүмкүндүк түзүлдү. Мында бардык жумушту машиналар жасайт, нан жасоо процессии наабайчынын тажрыйбасы менен сезип-билүүсү эмес, акылдуу приборлор жөнгө салат. Дүйнөдөгү алгачкы автомат - нан заводдору мындан жетимиш жылдай мурун СССРде курулган. Сыртынан караганда мындай нан завод - чоң тегерек (жумуру) имарат. Ичинен көп кабаттуу каруселге окшойт. Нан жасоо - заводдун эң жогорку кабатынан башталат.

Бул жерде унду элеп тазалайт да, ага камыр ачыткы, эритилген кант менен туз кошулат. Андан ылдыйкы кабаттагы чоң залда жуурулган камыр салынган зор идиштер тегеренип жылып турат. Камыр ачып даяр болгондо андан кийинки кабатка түшүрүлөт, бул жерде атайын машиналар камырды бөлүктөргө бөлүп, керектүү калыпка келтирет. Калыптанган камыр конвейердеги кендир бешикчелерде бир аз жатып биротоло көөп, бышырууга даяр болот. Андан кийин дагы бир кабатка ылдый түшүп дандырга барат. Дандырдан бышып чыккан нандар транспортёр менен эң төмөнкү кабатка түшөт. Бул жерде аларды капталында Нан деген жазуусу бар автомашина күтүп турат.

Биз силерге шакек конвейер түрүндө иштеген нан заводу тууралуу айтып бердик. Азыр мындан да мыкты, жетик курулган автомат - нан заводдору бар. Бирок нан жеке эле завод же фабрикалардан жасалбастан Кыргызстанда көбүнчө колго да жасашат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 598, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо