Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Намазбеков Мамбетакун

Баш барак | Биографиялар | Намазбеков Мамбетакун

(1941-жылы туулган, Ысьпс-Көл району, Кожояр айылы) - врач-хирург, медицина илимдеринин доктору (1986), профессор (1988). 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун бүткөн. 1964-67-жылы Түп, Ысык-Көл райондорунда хирург болуп иштеген. 1967—70-жылы аспирантурада. 1970—75-жылы республикалык клиникалык ооруканада врач-хирург, ошол эле жерде кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнүн башчысы (1975—81), 1984—88-жылы КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын ассистенти, 1988-жылдан доцент, профессор 1989-жылдан Кан тамыр хирургиясы борборунун жетекчиси. Респ-када кан тамыр хирургиясын бапггоочу. Анын илимий эмгектери жүрөктөн чыккан колко кан тамырдын ар түрдүү ооруларын хирургиялык жол менен жоюуга арналган.

100дөн ашык илимий эмгектин автору. Кыргызстандын саламаттык сактоо отличниги (1977). Кыргыз Республиканын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1978).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 748, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу