Найман Жолой уулу

Найман Жолой уулу, Найман көпүрөчү (1832, Нарын району, Ташбашат айылы - 1918, ошол эле жер) — уста. Чоң-Нарындын эки жерине үйрү менен мал, жүгү менен көч өтүүгө жарактуу көпүрө салган.

1-көпүрөсун "Туюк-Булуң" деген жерге 1870—80-ж. курган. Аны үйөр алып кетип, 2-көпүрөсүн Чоң-Нарын менен Кичи-Нарын кошулган жерден 3 км чыгыш жагындагы "Марал кечүү" аталган жерине 1880— 90-ж. салган. Көпүрөгө жергиликтүү карагайды пайдаланып, эч бир мык, байлоо-матоо колдонгон эмес. Ал көпүрөнү эл 1940- жылдарга чейин пайдаланган. (1940— 41-ж. Нарын—Эки-Нарын жолу салынып, жаңы көпүрө курулган).

1880—90-ж. Чоң-Нарын өрөөнүнөн Тарагайга өткөн жердеги жалама жарды кетмен, чукулук менен кесип кыя жол чапкан. Бийиктиги 40—50, узундугу 60—70 м. Андан мал, жүгү менен көч өтүп, бүгүнкү күнгө чейин пайдаланылууда. Ал жер азыркыга чейин Кескен-Жар аталат. Найман Чоң-Нарындын башка жерлерине да жол салган.

Көпүрөчү Найман

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)