Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Надыр темир кени

Надыр темир кени Баткен облусунун Кадамжай районунда, Кадамжай шаарчасынан 90 км түштүк-чыгышта, Катраңтоо жана Эшметоо жалчаларынын аралыгындагы Сарыталаа өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2000–2300 м бийиктикте. 1931-ж. табылган. 1954-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын палеозойдун чөкмө тектери менен габбро, перидотит дайкалары түзөт. Темир рудасы карбондун скарндашкан акиташ тектеринде линза сымал кабатчалар түрүндө жатат. Алар негизинен дайкаларга жакын чектерге топтолгон. Руда тилкесинин узундугу 12 кмге чейин созулат. Мында руда линзалары 50–70 м аралыкта үзүндү-үзүндү болуп жатат. Алардын узундугу 1310 мге, калыңдыгы 17,1 мге жетет. Рудада гематит менен магнетиттен башка аз санда пирит, халькопирит, борнит учурайт. Рудада темир 41,19%, пайдалуу компоненттерден МпО – 3,20%, ТiО2 – 0,30%, NiО – 0,5%, V2О4 – 0,04%. Запасы С1 жана С2 категориясы боюнча 1,019 млн т.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)