Мышыктын салмагы

Апенди бир кило эт сатып келип, кечинде уяттуу конок келет, жакшылап куурдак кууруп тур деп, аялына табыштап кетет. Аялы куурдакты куурарын куурат да, бирок коңшу-колоң, жакын санаалаш абысындары менен чогулуп жеп алышат. Кечинде уяттуу коногун ээрчитип, Апенди келгенде, аялы акчыланат: - Мен казан асып, от тамыскыча болбой, мышыгың этти көтөрө качып жок. Мейманды ачка жаткызабызбы, дагы эт сатып келе гой, - деп. Апенди ачуусуна чыдабай мышыгын кубалап жүрүп кармап алат да таразага тартат. Тартса, мышыктын салмагы бир килого да жетпейт. Анда Апенди аялын карап кыйкырат дейт: - Эй, жаныңды жегир! Бир кило эт жеген мышыктын салмагы бир килого жетпейт деген эмне?! Этти жегени чын болсо, жок дегенде, эки килого жакындайт эле го! Же бу мышык салмагы жок байкушпу?!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)