Мышык тамыр, өгөй эне-өз эне жана сары чай чөп

Мышык тамыр — СССРдин бардык райондорунда кеңири таралган. Токойлордо, суу өрөөндөрүндө, талаада, бадал арасында өсөт. Азыр колдо өстүрүлөт. Дары катары тамыры, тамыр-сабагы колдонулат. Аны жайдын аягында жана күзүндө чогултуп алат. Андан алынган ачытма жана экстракт сеп алдыруучу каражат катары пайдаланылат. Өгөй эне-өз эне — көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Кавказда, Сибирде, Орто Азиянын тоолорунда кеңири таралган. Биздин республикада Чүй өрөөнүндө, Ала-Тоо, Алай тоо кыркасында, Борбордук Тянь - Шанда өсөт.

Медицинада кургатылган жалбырагы жана топ гүлү кайнатып же ачытып, какырык чыгаруучу дары катарында колдонулат. Аны июнь — июль айында чогултуп, ачык абада, бөлмөдө, үй чатырында тез-тез которуп кургатат. ӨЧПӨС ГҮЛ — көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Орто Азияда, Кавказда, кумдак топуракта, шагылдуу күңгөйдө өсөт. Медицинада боор ооруларын, өт жолдорунун ооруларын дарылоодо гүлү колдонулат. Гүлүнөн суюк экстракт — фламин дарысы алынат. 10 г гүлүн бир же бир жарым стакан кайнак сууга демдеп, чыпкалап, жарым стакандан жылуу бойдон тамактануунун алдында күнүнө 3 жолу ичсе болот.

Сары чай чөп — көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Кавказда, Батыш Сибирде, Орто Азияда көп таралган. Шалбааларда, адырларда, суу жээктеринде, токой четинде өсөт. Медицинада дары катарында анын чөбү колдонулат. Чөбүн гүлдөп жаткан мезгилде чогултуп алуу керек. Бул чөптүн маңызын ич өткөктө антисептик (микробдорду жок кылуу), кан токтотуучу, нерв системасын тынчтандыруучу, сергитүүчү дары катары, ошондой эле стоматит жана башка ооруларда колдонулат. Чөптөрүнөн алынган дарылар түрдүү тышкы жарааттарды, өзгөчө күйүктү, ошондой эле өт, заара айдама зат катары жана сезгенүү ооруларын дарылоодо пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)