Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мыймыт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мыймыт

Асманды сур булут чулгап, жамгыр жаап турган убакта кичинекей мыймыт бопбоз болуп, көзгө көмсөө. Жылт көрүнүп, кайра дароо коюу бадалга кирип кетет. Бирок күн ачылып, анын шооласы дарактын жалбырагына түшкөндө боз мыймыт да шоолага айланып кеткенсийт. Короолуга окшогон кичинекей чымчык бырпырап учуп даракка конот. Коюу жалбырактын арасына жашынып сайрай баштайт. Бул - тыпылдак мыймыт. Дарактын жыш бутагында жылтылдаган жашыл чымчык өйдөлөп жүгүрүп, ар бир жалбырактын астын карап, тумшугун ышкыбоздонуп бирде буга, бирде тигиге тийгизип улам сайрай берет.

Бир аздан кийин учуп, жаш дарактын башына барып конуп: ачык, катуу сайрайт. Аягында үнү жетпей калгандай - назик созуп бүтүрөт. Кадимки мыймыт мына ушинтип сайрайт. КМШ өлкөлөрүндө мыймыттын 15тей түрү жашайт. Аларды сайраганы боюнча ажыратып билүүгө болот. Мыймыттар көптөгөн зыяндуу курт-кумурскаларды жеп зор пайда келтирет. Мыймыттын салмагы 5-12 грамм болгону менен бир күндө 17 граммга чейин тамак жейт!

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 451, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу