Музыка изилдөөчүлөр жана ырлардын түрлөрү

Элдик ырлар кыргыздардын музыкалык чыгармачылыгынын басымдуу бөлүгүн түзгөн. XIX к. орус жана чет элдик окумуштуу-саясатчылар, чыгыш искусствосунун изилдөөчүлөрү (Ч. Валиханов, В. Радлов, Н. Пржевальский, Г. Алмаши, Н. Северцов, Ш. Капью ж.б.) кыргыз эли ыр чыгарууга жана ырдоого өтө жөндөмдүү экендигин белгилешкен.

Алсак, орус географиялык коомун изилдөөчүлөрдүн бири А. Левшин 1820-ж. Борбордук Азияга жасаган саякатынан кийин кыргыздардын ыр маданияты жөнүндө: «Ар кимиси көзүнө эмне чалдыкса, ошонун тегерегинде ыр жаратат. Ар бири өзүнчө төкмө ырчы»,- деп жазган. Ырлардын түрлөрүЛирикалык жана турмуш-тиричилик ырларына: балдар, жаштар ырлары, сүйүү ырлары, оюн, сатиралык-азил, жаратылыш жөнүндөгү кайрыктар кирет. Сүйүү лирикасынын түрлөрү секетбай менен күйгөн ырлары кеңири тараган. Алардын сөзү гана айырмаланып, обону көп учурларда окшош. Муңайым, кыялкеч маанайдагы арман ырлары да лирикалык кайрыктар тобуна кирет. Той-тамашаларда ырдалчу ырлар обонунун шаңдуулугу, ыргагынын тактыгы менен айырмаланган.

Төкмө акындардын чыгармачылыгы кыргыз элинин вокалдык музыкасынын өзгөчө катмарын түзөт. Чебер төкмө өзүнүн профессионал вокалдык жана поэтикалык бай таланты менен өзгөчөлөнгөн. Төкмө акындар манасчылардан айырмаланып, ырды комуздун коштоосунда аткарышат. Комуз көп учурда акындын үнүн кайталап, куплетти баштоодо, аяктоодо жана алардын араларында обонду кайрып турат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)