Музей

Илгерки замандан бери адамдар кымбат жана унутулгус буюмдарды жыйнап сактай башташкан. Андай буюмдар же коллекциялар курал-жарак, китеп, кооз буюмдар байыртан чогултулуп келген. Алар чоң чиркөөлөрдө, казыналарда жана монастырларда сакталган. Карапайым эл андай казыналар жөнүндө угушкан, аларды эч кимге көрсөткөн эмес. 1719-жылы гана Пётр I тушунда Петербургда топтолгон кунсткамера - көп жылдар бою жыйналган сонундар дүйнөсү көпчүлүккө алгачкы ирет көрсөтүлгөн. Бул биринчи орус музейи болгон. 20-кылымдын 90-жылдарында СССРде 1200дөн ашык мамлекеттик музей болгон. Аларда 40 миллион картина, скульптура, кол жазма, түрдүү буюмдар чогултулган.

Булардан башка да миңдеген элдик жана мектеп музейлери иштеген. Музейдин түрлөрү көп. Алсак зоологиялык музейде жаныбардын, курт-кумурсканын жана көпөлөктөрдүн кургатылган кептери сакталат. Геологиялык музейлерден ар кандай минералдарды көрүүгө болот. Ошондой эле ботаника, музыка жана театр музейлери да болот. Көпчүлүк шаарлардын аймак (краевед) музейлеринде - ошол аймактын жана облустун, шаардын тарыхы чагылдырылат. Дүйнөдө алгачкы жасалган электр лампасы, биринчи радио, биринчи атом станциясы, биринчи учурулган жердин жасалма спутниги... Ушул өңдүү эле орус окумуштуулары менен инженерлеринин бардык эң маанилүү ойлоп чыгууларын жана техниканын жетишкендиктери Москвадагы Политехникалык музейде топтолгон.

Баа жеткис көркөм казыналар - картиналар менен скулъптуралар, вазалар, гравюралар Санкт-Петербургдагы Эрмитаж менен Орус музейинде, Москвадагы А. С. Пушкин атындагы сүрөт өнөр музейи менен Третьяков галереясында жана башка көркөм өнөр музейлеринде сакталып турат. Көп сандаган музейлер көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин, окумуштуулардын жана жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун жана артисттердин өмүрүнө арналган. Клиндеги П. И. Чайковскийдин музей-үйүнө, Л. Н. Толстой жашаган Ясная Полянага адамдар ар кайсы өлкөлөрдөн келишет. Кыргызстанда музейлер 20-кылымдын 20-жылдарында гана уюшула баштаган. Республикадагы эң биринчи музей - мамлекеттик ишмер, аскер башчысы, жердешибиз М. В. Фрунзенин үйү болгон. Ал 1925-жылы 9-декабрда ачылган. Учурда жергебизде 36 мамлекеттик музей иштейт. Алардын ичиндеги Орто Азиядагы эң чоң музейлердин бири - тарых музейинде Кыргызстандын байыркы замандан тартып, азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган кызыктуу материалдар топтолгон.

Борбор калаабызга келген конокторду жана жалпы эле искусство сүйүүчүлөрдү өзүнө тарткан Г. Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун жергебиздин ажайып кооз табиятын, элибиздин жашоо-турмушун, ошондой эле ар кандай тематикадагы эң бир мыкты эмгектери коюлган. Ал эми силер үчүн өзгөчө кызык зоология музейи болсо 1943-жылы уюшулган. Аталган музейлердин баары тең борбор калаабыз Бишкекте орун алган. Мындан тышкары республикабыздын башка жерлеринде да тарых, этнография, тарыхый-архитектуралык, музей-коруктар, мемориалдык музейлер бар. Балдар, бул музейлер силердин дүйнө таанууңарды кеңейтип, билимдүү болушуңарга чоң жардам берет. Ошондуктан, бош убактыңарда музейлерге көбүрөөк барууга аракеттенгиле.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)