Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Муса Жангазиев

Баш барак | Биографиялар | Муса Жангазиев

Тетиктери камыштан,

Учурамын алыстан.

Биринчи бол, мөрөй ал,

Боло турган жарыштан.

Муса ЖангазиевБул жаш техниктердин ийримине катышып, самолёттун моделине жан киргизүүгө аракеттенип жүргөн баланын ыры. Аны акын агайыңар Муса Жангазиев жазган. Кыргыз эл акыны М. Жангазиев 1921-жылы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Муса жаш чагында эле жетим калып, 1929-жылдан Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Крупская атындагы балдар үйүндө тарбияланат.

1940-жылы орто мектепти бүтүп, мектепте улуу пионер вожатыйы болуп иштөө менен өзүнүн эмгек жолун баштаган. Ал комсомолдук, кабарчылык иштерде болуп, кийин балдардын сүйүктүү газетасы "Кыргызстан пионеринин" редактору, 1952-жылдан жаңыдан уюштурулган "Жаш ленинчи" журналынын биринчи редактору болуп иштеди.

Анын ырлары, аңгемелери 1940-жылдан баштап республикалык газета-журналдарга жарыялана баштаган. Муса агайыңардын биринчи ырлар жыйнагы "Балалык" деген ат менен 1954-жылы жарык көрдү. Мына ушундан кийин "Муса Жангазиев" көптөгөн ыр жыйнактарын, проза чыгармаларын жаратты.

"Назарбектин классташтары", "Жети жылдыктын жеткинчектери", "Үчүнчү үйдүн балдары" аттуу мектеп балдарынын кулк-мүнөздөрүн, окуудагы ийгиликтерин, мүчүлүштөрүн көркөм чагылдырган повесть, аңгемелеринин жыйнактары басылып чыкты. Мусанын "Менин бешим кыпкызыл", "Бала менин өмүрүм" деген китептери купулга толгон китептерден. Анын бир топ чыгармалары орус, украин, белорус жана башка тилдерге которулган.

1950-жылы «Балалык» аттуу биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн. "Муса Жангазиев" 100гө жакын ырлар жыйнагынын автору. Анын ичинен 20га жакыны орус тилине которулуп, коңшу республикалардын басмаларында басылып чыккан. Ырларынын көпчүлүгү балдар темасына арналган. 1972-жылы «Балдар менин өмүрүм» тандалма ырлар жыйнагы үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына ээ болгон. Муса Жангазиевдин көптөгөн чыгармалары 1-класстан 7-класска чейинки окуучаларга окуу программасына хрестоматия катарында киргизилген. 1951-жылдан СССР Жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, 1981-жылдан Кыргыз Эл акыны наамына ээ болгон. «Эмгек Кызыл Туу», эки «Ардак белгиси» ордендери, көптөгөн СССРдин медалдары, 14 жолку Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланып, Украина ССРинин Ардак грамотасы, бир катар ВЛКСМ БКнын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Дүйнөлүк комитеттин, Тынчтык фондунун Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн, СССР басмасынын отличниги. Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин эл депутаттыгына депутат, Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган.

Кыргыз тилинде жарык көргөн китептери:

Балалык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950.– 73 б.

Бакыт гүлдөрү: Балдарга арналган ырлар.– Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 111 б.

Жылдыздар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951.– 80 б.

Пионерлер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 148 б.

Ажырагыс достор: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 274 б.

Келечектин ээлери. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 104 б.

Москвага учуп бар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 52 б.

Назарбектин классташтары: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 280 б.

Тянь-Шандык кишилер: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 64 б.

Ак козум. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 16 б.

Жаңы жолдош. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956.–126 б.

Өскөн жер: Жаны ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 319 б.

Дуровдун бурчу. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 20 б.

Кырчын өмүр: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958.

Экинчи күзгү: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 148 б.

Бүлдүркөн: Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 143 б.

Табышмактуу таш. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 30 б.

Зоопаркта. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 31 б.

Табышмактуу таш. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 30 б.

Жети жылдыктын жеткинчектери: Повесть. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 261 б.

Сыймык: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 162 б.

Үчүнчү үйдүн балдары: Аңгеме. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1961. – 32 б.

Бул эки кыз, жакшы кыз: Жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 160 б.

Дагы кол чабылды: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 244 б.

Келин: Аңгеме, очерктер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 212 б.

Жыргалым: Ырлар жана поэма: – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 41 б.

Тилектештер: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1966. – 271 б.

Бермет: Поэма жана ырлар. – Ф.: Мектеп, 1967. – 208 б.

Жалында костер, жалында: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 230 б.

Кайың сыры: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 128 б.

Таң: Тандалма жана жаңы ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 206 б.

Менин бешим кыпкызыл: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1970. – 247 б.

Бала менин өмүрүм: Ырлар, жомоктор, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1971. – 28 б.

Күз нурларым: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 215 б.

Динара: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1975. – 12 б.

Сүйүнөм: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 139 б.

Тандалган ырлар. – Ф.: Мектеп, 1978. – 351 б.

Өмүр гүлүм: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 204 б.

Керме тoo: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 140 б.

Улуу тоонун балдары: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 108 б.

Жылдар учат: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 128 б.

Байчечекей – эрке кыз: Ырлар, жомок, поэма: Мектеп жашындагы тестиер балдар үчүн. – Ф.: Адабият, 1989. – 112 б.

Жайлоо таңы: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 144 б.

Орус тилинде

Очень странная гора: Стихи. – М.: Детгиз, 1955. – 32 с.

Новая улица: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1956. – 36 с.

Здесь будет памятник: Стихи. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1957. – 52 с.

Счастливые строки: Сборник стихов.– Ф.: Киргизгосиздат, 1957. – 202 с.

Детям: Избранные стихи для детей. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958.– 130 с.

Новый сад: Стихи. – М. Сов. писатель, 1958. – 93 с.

Победа Дженишбека: Рассказы. – М: Детгиз, 1958. – 46 с.

Аскар: Поэма. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 60 с.

Беспокойные питомцы: Повесть. – М.: Детгиз, 1962. – 189 с.

Киргизское ожерелье. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 146 с.

Вожатый: Поэма. – М: Правда, 1964. – 64 с.

Раздумья: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 102 с.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – М.: Дет. лит., 1974. – 64 с.

Снега вершин: Стихи и поэма. – М.: Сов. писатель, 1971. – 102 с.

Мой дом в золотой долине: Стихи и поэмы. – Ф.: Мектеп, 1976. – 236 с.

Динара: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1978. – 12 с.

Вместе с жаворонками: Стихи. – М.: Сов. писатель, 1979. – 118 с.

Динара: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1981. – 11 с.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль. – М.: Дет. лит., 1981. – 192 с.

Пою жизнь: Стихи.– М.: Сов. писатель, 1987.– 125 с.

Башка элдердин тилдеринде

Молодость Киргизии. – Алма-Ата: Казахиздат, 1960. – 43 с. – каз.

Победа Дженишбека. – Ашхабад, 1961.– 50 с. – туркмен.

Рассказы. – Таллин, 1964. – эстон.

Неспокойные воспитанники: Повесть и рассказы. – Киев: Вэсэлка, 1972. – 145 с. – укр.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – Ташкент: Еш гвардия, 1975. – 64 с. – узб.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – Киев: Вэсэлка, 1978. – 71 с. – укр.

Мой дом в золотой долине. – Душанбе: Маориф, 1980. – 46 с. – тадж.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Повесть. – Вильнюс: Вага, 1982. – 56 с. – лит.

Дневник: Стихи. – Алма-Ата: Жалын, 1983. – каз.

Радость Кубанычбека: Стихи и сказка. – Ташкент: Еш гвардия, 1983. – 26 с. – узб.

Там, где теплый, синий Иссык-Куль: Рассказы. – Тбилиси: Нака-дули, 1985. – 67 с.

Кыргыз тилине которгондору:

Михалков С. В. И. Лениндин музейинде. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1953. – 32 с.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 6851, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо