Мурундун кошумча кобулдары

Мурундун кошумча кобулдары — мурун, мурун көңдөйүнүн капталын түзүүчү сөөктөрдүн ичиндеги көңдөйлөр. Мисалы, үстүңкү жаактын ичинде үстүңкү жаак кобулу (гаймор кобулу), чеке сөөктүн ичинде чеке кобулу, ал эми мурун көңдөйүнүн үстүңкү керегесин түзүүчү негизги сөөктүн ичинде негизги кобул, калбыр сымал сөөктө калбыр кобулдары бар. М. Шилтеме: к-нын ар бири мурун көңдөйүнө ачылып, аны менен тыгыз байланышып турат. Алсак, жогорку жаак кобулу, чеке жана алдыңкы калбыр кобулдары ортоңку кеңилжээрдин алдындагы мурун көңдөйүнүн ортоңку жолу менен байланышат. Ал эми мурундун негизги кобулу менен арткы калбыр кобулу болсо, мурун көңдөйүнүн үстүнкү жолуна ачылат. М. Шилтеме: Шилтеме: сөөгүнүн оор салмагын жеңилдетет, дем алуу учурунда, сүйлөгөндө үндү киңкилдетпей ачык жана даана чыгарат. Ар бир кобулдун ичи былжырлуу чел менен капталат. Бирок бул былжыр чел мурун көңдөйүнүкүнө караганда эң эле жука жана назик келет. Бул кобулдардын ичинен эң эле чоңу — үстүңкү жаак (гаймор) кобулу.

Анын ички көлөмү орто эсеп менен 20см1 ге чейин жетет. Бул кобулдун үстүңкү керегеси көз чанагынын астыңкы керегесин түзөт. Ал эми анын астыңкы керегесине үстүңкү жаактагы төрт азуунун тамырлары эң эле жакын өсүп, кобулдун ичине кирип кеткен учурлары да болот. Ошондуктан мындай учурда бул тиштер чиригенде алардын тамыры аркылуу жогорку жаак кобулуна ар кандай микробдор да өтүшү мүмкүн. М. Шилтеме: Шилтеме: суук мезгилдерде (кышында же эрте жазда) көп сезгенип, кабылдайт. Анткени мурун менен дем алганда муздак аба бул кобулдардын эң назик былжыр челин үшүтүп, ооруга чалдыктырат.

Ошонун негизинде мурун кобулдары ириңдеп, кабылдап кетет. Үстүңкү жаак (гаймор) кобулуна суук тийсе — гайморит, чеке кобулуна суук тийсе — фронтит, ал эми мурундун бардык кобулуна суук тийсе синусит деп аталат. Синуситтин катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Синусит учурунда кишинин жалпы абалы начарлайт, башы ооруп, дене ысыйт. Кол менен басканда көздүн асты жана үстү ооруйт. Кишинин мурду бүтүп киңкилдейт, чүчкүрөт.

Анын жыт сезүүсү басаңдап, мурундун ичинен жаман жыт сезилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)